Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:12

Ташкенде 23 адам соттолуп, эркинен ажыратылууга кесилди


Ташкен шаардык соту кечээ күнү дагы 23 адамды ар башка мөөнөткө эркинен ажыратууга кести, өкүмдүн эң катаалы - 18 жыл абак. Алар террорчулукка аралашкан деп күнөөлөнгөн жана сот аларды - үстүбүздөгү жылы март жана апрелде өлкөдө ишке ашырылган бир нече жардырууга тийешеси бар деп аныктады. Ал окуялар менен байланыштуу өлкөдө жүздөн ашык адам соттолду. Жардыруулар учурунда бардыгы болуп 47 адам өлгөн. Укук коргоочулардын айтымында, тергөө учурунда кыйноолор кеңири колдонулган.

XS
SM
MD
LG