Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:55

Түндүк Кореянын айтымында, ал өзүнүн өзөктүк күчүн эки эсеге көбөйтөт


Түндүк Кореянын "Родоң синмун" аттуу гезитинде бүгүн жазылып чыккан маалыматка караганда, эгер Америка Кошмо Штаттары Түндүк Кореяга карата мамилесин өзгөртпөсө, Пхеньян өзүнүн өзөктүк күчүн эки эсеге көбөйтөт. Өлкөдө канча өзөктүк дүрмөт бар экенин Түндүк Корея эч качан ачык айткан эмес. Кээ бир америкалык эксперттердин пикиринде, Пхеньяндын колунда экиден сегизге чейин өзөктүк бомба бар болушу мүмкүн. Өлкөнүн өзөктүк программаларынан чыккан маселелер былтыртан бери үч жолу алты тараптуу сүйлөшүүдө талкууланды, бирок андан эч жыйынтык чыккан жок.

XS
SM
MD
LG