Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:12

Султан Раев, Бишкек Кыргыз армиясына күзгү чакыруу башталды. Быйылкы жылы 3 миңге жакын уландар кыргыз армиясынын катарында кызмат өтөөгө чакырылат. Бирок армия катарында өзүнүн атуулдук парзын аткарууга айрым жаштар анчалык ынтызар эмес.

Апрель айында президент Аскар Акаевдин аскерден качкандарга амнистия берүү боюнча жарлыгы чыккан. Ал гана эмес, куралдуу күчтөрдүн жогорку чиновниктеринин бири Аскарбек Шамкеев өлкөдөгү басма сөз беттерине аскердик бөлүктөрдү таштап кеткен жоокерлердин ысымы-жөнүн, туулган жерин, кайсы аскердик комиссариаттан чакырылганын атап, аларга амнистия берилгенин ачык жарыя кылып, алардын кайтып келишин өтүндү.

Бул кайрылуу да аскердик бөлүктөрдү таштап кеткен жоокерлерге таасир берген эмес. Башкача айтканда качкандардын жетимиштейи гана кайрылып келген. Кыргыз армиясынан эмне үчүн жоокерлер качууда? Бул суроону Кыргыз Республикасынын аскер прокурорунун орун басары Кушчубек Өмүрбековго бергенибизде ал мындай жооп берди:

- Албетте, андай дезертирдик, ээнбаштык кылып кетип калгандар Кыргызстандын бардык аскер бөлүктөрүндө бар. Андайлар гарнизондук прокуратураларда тергелет.

Албетте, азыркы күндөгү кыргыз армиясынын акыбалы көптөгөн көйгөйлүү суроолорду жаратат. Биринчи эле маселе кыргыз армиясындагы бүгүнкү түзүлгөн кырдаал. Жоокерлердин тамак-аш маселеси, кийим-кече маселеси. Ал гана эмес, кыргыз армиясындагы тартиптин жоктугу, аскердик уставдык мамилелердин сакталбашы жоокерлердин армияны таштап кетишинин себебине айланды дешет адистер.

Акыркы маалыматтарга караганда өз аскер бөлүктөрүн таштап, ушу тапта качып жүргөн жоокерлердин саны 100гө жакын.

Кыргыз армиясында кызмат өтөгөн жоокерлердин арасында өзүн-өзү атып алуу фактылары да кийинки кезде кездеше баштады дешет талдоочулар. Өткөн жылы эле айрым маалыматтарга караганда 3 жоокер өзүн өзү атып алган. Бул жагдай да бүгүнкү армиядагы акыбалдын так картинасын ырастап турат.

Атын жашырып бизге оозеки пикирин айткан аскерге чакырылуучу Жаныш аттуу жигиттин «Азыр мен кимди коргойм. Өз өлкөмдү коргогондон эч качан качпаймын. Коргогонго даярмын. Армиябыз азыр чын-чынына келгенде ачка. Ал эми чиновниктер миллиондогон сомдорду жеп, ичип чардап жатат. Мен мына Кыргызстанды коргой албайм» - деген ою да тынчсызданууну жаратат.

Албетте, бул маселе Кыргыз армиясынын чоң проблемасына айланды. Эмне үчүн жоокерлер аскерден качышат? Эмне үчүн алар аскердик бөлүктөрдү таштап кетет? Ал тууралуу адвокат Абдылда Исмаилов минтет:

-Кызмат өтөөдөн баш тарткан негизги бир себеп - бул мурда кызмат өтөгөн жоокерлердин жаңы келгендерге көрсөткөн кысымы себеп деп ойлойм. Качып кеткен фактылар көп. Алар Кыргыз Республикасынын кылмыш кодексинин 360-статьясын бузгандык болуп эсептелет.

Союз мезгилинде өлкөнү коргоо ар-намыстын иши болсо, азыр ал андай түшүнүккө ээ болбой баратат дейт байкоочулар.
XS
SM
MD
LG