Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:04

КАНТТА ОРУСИЯНЫН АСКЕРДИК БАЗАСЫ АЧЫЛГАНГА БИР ЖЫЛ БОЛДУ


Кубат Оторбаев, Кант 23-октябрда Кант аба майданында Орусиянын аскер базасынын ачылышынын бир жылдыгы белгиленди. Ага Кыргызстандын коргоо министри Эсен Топоев, Орусиянын аскер-аба күчтөрүнүн башчысынын биринчи орун басары Анатолий Ноговицын баштаган бир катар жогорку чиндеги аскер адамдары катышты. Салтанаттуу жыйында бир жылдык кыска убакыттын ичинде Орусиянын Канттагы аскердик базасы Коопсуздук келишими уюмуна кирген мамлекеттердин бекем чебине айланып, жалпы Борбор Азиянын коопсуздугун коргоп жаткандыгы баса белгиленди.

Мындан туура бир жыл мурда – 2003-жылдын 23-октябрында Кант шаарындагы аскердик базада Орусиянын авиабазасы ачылган болчу. Анын салтанаттуу ачылыш аземине эки мамлекеттин президенттери Аскар Акаев менен Владимир Путин катышкан.

Орусиянын президенти өз сөзүндө Канттагы авиабаза бир эле Кыргызстандын эмес, жалпы чөлкөмдүн коопсуздугун коргоо максатында жана Коллективдүү коопсуздук уюмуна мүчө мамлекеттердин абадагы алмаштырылгыс чебине айланаарына ишеничин билдирген. Владимир Путин ушул күндөрү Кыргызстан белгилеп жаткан Баткен окуяларынын ачуу сабактарынан туура жыйынтык чыгаруу катары Кант авиабазасынын ачылышын атаган:

- Келгиле, 1999-2000-жылдардагы окуяларды эстейли. Биз азыр эле президент /Аскар Акаев/ менен ал тууралуу сүйлөштүк. Террористтер анда үйүнө келгенсип кирип келишкен жана бул жерде мыйзамды тебелеп, каалаганын жасап, адамдарды өлтүрүшкөн. Эгер ошондо бул жерде база болгондо окуялар мынчалык кайгылуу өнүкпөйт эле. Мен буга кылдай да күмөн санабайм.

Кыргызстандын президенти Аскар Акаев дагы Путиндин мындай оюн толуктап, өз сөзүндө авиабазанын коопсуздукту сактоодогу маанисин белгилеп, авиабаза Кыргызстанга түбөлүк турарына ишеничин билдирген:

– Ал /авиабаза/ узак мөөнөткө ачылып жатат. Кыргызстан үчүн биздин мамлекеттин коопсуз, бейкут өнүгүшүнө кепил болуп эсептелет. Экинчи жагынан Орусия менен болгон мамилебиз авиабазанын ачылышы менен чыңдалды жана буга биз сыймыктанабыз, – деген болчу 1 жыл мурда президент Аскар Акаев.

Мына ошол күндөн бери туура бир жыл өттү. Быйыл 23-октябрдагы салтанатка катышкан Кыргызстандын коргоо министри Эсен Топоев мынчалык кыска убакыттын ичинде авиабаза жөн гана көрсөтмө үчүн ачылбастан, жоонун мизин майтарууга жарамдуу кубаттуу-күчтүү чепке айланганын белгиледи. «Аны быйыл августта Кыргызстандын Балыкчы шаарына жакын жерде өткөн Коллективдүү коопсуздук келишимине мүчө мамлекеттердин – Орусия, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстандын куралдуу күчтөрүнүн «Чек-2004» деп аталган аскердик машыгуулары далилдеди», деди коргоо министри Эсен Топоев:

-Мага бүгүн ал жетишкендиктерди белгилөө министр катары гана эмес, аскер адам катары да өтө жагымдуу. Анткени ушундай кыска убакыттын ичинде өтө оор жана болуп көрбөгөндөй татаал милдеттерди аткаруу деген эмне иш экени жакшы түшүнүктүү.

Канттагы аскерлерди авиабазанын бир жылдыгы менен куттуктаган Орусиянын аскер-аба күчтөрүнүн башчысынын биринчи орун басары Анатолий Ноговицын соңку убакта терроризмден Орусия жерде гана эмес, асманда да жапа чегип жатканын эске салып, Кант авибазасы "21-кылымдын чумасы" деп аталган терроризмге каршы күрөштө реалдуу күч болуп берээрине ишене турганын билдирди:

-21-кылымдын чумасы – терроризм, анын ичинде аба терроризми теориялык жактан эмес, турмушка да өзүнүн суук тумшугун көрсөтүүдө. Кант аба базасы болсо юридикалык документ түрүндө эмес, эки өлкөнүн мамлекеттик бүтүндүгүн жана суверенитетин сактоочу келечеги кең аскер организми болууга тийиш, -деди Анатолий Ноговицын.

Кыргызстандын коргоо министри алдыда да Канттагы аскер-аба күчтөрүнүн жардамы менен машыгуулар өтөөрүн, ал пландар ноябрда Москвада өтүүсү күтүлүп жаткан ОДКБнын коргоо министрлеринин жыйынында талкууланып, бекий турганын маалымдады.

Сүрөттө: Кыргызстандын коргоо министри Эсен Топоев салтанаттын жүрүшүндө куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

Фото автордуку.

XS
SM
MD
LG