Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:21

Ooганстанда президенттик шайлоодо берилген добуштарды саноо ушул жекшембиде да улантылып, президент Хамид Карзайдын алдыда келатканы дагы бир ирет бышыкталды. Бирок Кабулда апта соңунда жанкечтинин эки кишинин өмүрүн алган кол салуусу Ооган жергесинде бейпилдиктин жолу катуу экендигин эскерткендей болду.

Кабулдун атактуу "Жөжө" көчөсүндө адатта чет элдиктер соода кылышат. Ишемби күнү ушул жерде жанкечтинин чабуулунан китеп сатып жаткан бир кыз жана америкалык бир аял каза тапты. Кабул полициясынын жетекчиси Баба Жан "Алар чет элдиктер соода кылган жерди атайын тандап алышкан сыяктанат. Кол салуунун бул жерде болгонун мен ушуга байланыштырам", - деди.

Ошону менен 9-октябрдагы президенттик шайлоодон кийин ар кандай кагылышууларда курман болгондордун саны 21ге жетти. Бомба жарылганда НАТОнун Эл аралык коопсуздук күчтөрүндө кызмат өтөгөн теги исландиялык үч аскер жана жергиликтүү беш тургун жараат алды. Чабуул үчүн Ооганстандын кулатылган талиб режими жоопкерчиликти өзүнө алды.

Ай башындагы шайлоодо берилген добуштардын 81,1 пайызы саналып бүттү жана бул санакта АКШ колдогон өткөөл президент Хамид Карзай добуштардын дээрлик 55 пайызы менен биринчи орунда экени айгине болду. Экинчи орунда 17 пайыз менен Юнус Кануни келатат. Хазара азчылыгынын өкүлү Мохаммад Мохакикти шайлоочулардын 11 пайыз колдоптур. Бул ишембиге чейинки көрсөткүчтөн 0.7 пайызга жогору. Ал эми улуту өзбек Абдул Рашид Достумдун көрсөткүчү акыркы санакта тескерисинче 0.2 пайызга төмөндөп, 10.7 пайыз менен токтолду.

Жөнөкөй көпчүлүк менен жеңип чыгуу үчүн Карзайга дагы 500 миң шайлоочунун добушу жетиштүү болмокчу. Албетте добуштардын калган 20 пайызы саналып бүткөнгө чейин Карзайга берилген добуштар 50 пайыздан төмөн болуп чыгышы да ажеп эмес. Бирок президенттин жардамчылары мындай болот деп чочулаган жокпуз деп билдирди.

Карзайга берилген добуштар 50 пайыздан ашканы жакынкы күндөрү такталышы мүмкүн. Бирок шайлоонун уюштуруучулары бардык дообуштар саналып, ошондой эле мыйзам бузуулар иликтенип бүткөнгө чейин, шайлоонун жыйынтыгы жарыяланбайт деп айтышууда. Жыйынтыкты Бириккен Улуттар уюму менен Ооганстандын биргелешкен шайлоо комиссиясы чыгарат. БУУнун маалымат катчысы расмий жыйынтык келерки айда гана жарыяланышы мүмкүн экендигин кыйытты.

Талибдер перзиденттик шайлоону үзгүлтүккө учурата алган жок. Бирок ишембидеги жардыруудан кийин Талибандын өкүлү Абдул Латиф Хакими белгисиз жайдан АФП агенттигине сателит телефондон чалган. Ал "биз шайлоого тийишкен жокпуз, анткени күнөөсүз кишилердин канына забын болгубуз келген жок, бирок америкалыктар жана чет элдик аскерлер бизге душман, ошондуктан бүгүнкүдөй чабуулдар дагы болот", - деп эскертти. Талиб өкүлү ошондой эле жалпы эл шайласа да өлкөнүн учурдагы бийлиги талибдердин душманы бойдон кала берээрин кошумчалады.
XS
SM
MD
LG