Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:46

КООПСУЗДУК КЕҢЕШИ ОЛУТТУУ МАСЕЛЕЛЕРДИ КАРАДЫ. АГА КАРАТА ПИКИРЛЕР КАНДАЙ?


Азиза Турдуева, Бишкек 23-октябрда президент Аскар Акаев өкмөт үйүндө өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү. Анда Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөшүү багытында жетиштүү иш-чаралар көрүлбөй жаткандыгы, терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү багытындагы чараларды жакшыртуунун зарылдыгы тууралуу сөз болду. Бул маселелерге карата өлкөдөгү саясатчылар ар кандай ой-пикирлерин билдиришүүдө.

Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Аскар Акаев өлкөдө коррупциянын өнүгүшүнө жол берген шарттарды жойуунун зарылдыгы жөнүндө, коррупция өзгөчө тартип коргоо, фискалдык жана сот системасында өнүгүп жаткандыгын баса белгиледи. Анын айтымында, акыркы эки жылдын ичинде эле президенттик администрацияга атуулдардан тартип коргоо жана сот системасынын кызматкерлери тарабынан болгон укук бузуулар боюнча 8 минден ашуун арыз-каттар түшкөн.

Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Алишер Абдымомуновдун пикиринде, өлкөдө коррупцияга каршы күрөшүү жүргүзүлбөй келет:

-Бизде эми коррупция айыл жеринен башталбайт да. Коррупция ошол Ак үйдөн, колунда бийлиги бар чиновниктерден, алардын кылмыш дүйнөсү менен биригип алгандыгынан башталат. Туура коррупция экономиканы артка кетирип жатат, инвесторлорду качырып атат. Биздин өлкөдө коррупцияга каршы күрөш жүргүзүлүп жатабы? Жок. Биздин бийликке анын кереги жок.

Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу Кыргызстанда коррупциянын өнүгүшү бийлик алмашкандан кийин гана токтолушу мүмкүн деген көз карашта:

-Коррупцияга каршы күрөшүү үчүн эң биринчи кезекте таза кадр саясаты керек. Качан гана тунук, акыйкат шайлоо өтүп, бийликке таза адамдар келгенде, ошондо коррупцияга каршы күрөшүүнү жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ага чейин коррупция менен майнаптуу күрөшүү мүмкүн эмес.

Коопсуздук Кеңешинин жыйынында президент Аскар Акаев ошондой эле эл аралык терроризм, экстремизм Кыргызстанга чоң коркунуч туудуруп жаткандыгын белгиледи. Аскар Акаевдин пикиринде, өлкө үчүн чоң идеологиялык коркунуч өзгөчө «Хизб ут-Тахрир» партиясы тарабынан болууда.

Алишер Абдымомунов Кыргызстан эле эмес, дүйнөнүн кайсы гана мамлекетине болбосун терроризм, экстремизм коркунучу бар:

-Башка көптөгөн өлкөлөрдөй эле Кыргызстанда да терроризм менен экстремизмдин коркунучу бар. Анткени бул коркунуч өзгөчө мыйзамдар аткарылбаган, экономикалык жактан артта калган өлкөлөрдө болот. Кыргызстанда да бул нерселер бар.

Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу болсо, Кыргызстан үчүн терроризм жана экстремизм маселеси анын өнөктөштөрү Россия, Өзбекстан сыяктуу өлкөлөрдөй коркунуч туудурбайт деп эсептейт:

-Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан демократиялык реформалардын жүргүзүлүшү боюнча алдыңкы орунда турат. Ошондуктан терроризм, экстермизм коркунучтары Кыргызстан үчүн Россия же болбосо Өзбекстандагыдай эмес. Бул өлкөлөрдөгү абал Кыргызстанда жок. Менин пикиримде, Кыргызстан Кытай, Россия, Өзбекстан сыяктуу өлкөлөр менен өнөктөштүк бир топ келишимдерге кол койгондугуна байланыштуу гана бул коркунучтарды ушундай денгээлге көтөрүп жатышат. Бирок ал өлкөлөргө жакшы көрүнөм деп эле, мындай саясат жүргүзүү туура эмес.

Жыйында президент Жогорку Кеңеш экстремизмге каршы күрөшүүнүн мыйзамдык негиздерин түзүү багытында активдүү позицияда болууга тийиш деген пикирин айтты. Буга чейин өкмөт тарабынан иштелип чыккан «Саясий экстремизм жөнүндөгү» мыйзамдын долбоору Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан колдоого алынбай келет. Анын себебине депутат Алишер Абдымомунов мындайча токтолду:

-Өткөн жылы өкмөт тарабынан Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу палатасына «Саясий экстремизм жөнүндө» мыйзам долбоору сунушталган. Бирок депутаттар аны кароодон баш тартышкан. Анткени бул мыйзам долбоору демократиялык өлкөлөрдүн стандарттарына туура келбейт. Эгерде ал кабыл алынып калса анда Кыргызстандагы оппозициялык саясий партиялар, саясий топтор, оппозициялык көз караштагы маалымат каражаттарынын үстүнөн кылмыш иштери козголо бериши, алар сот жообуна тартыла бериши мүмкүн.

Коопсуздук Кеңешинин жыйынында президент Аскар Акаев өлкөнүн күч жана тартип коргоо органдарына терроризмге жана экстремизмге каршы туруштук берүү боюнча иш-чараларды күчөтүүнү тапшырды.
XS
SM
MD
LG