Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:47

Полковник Чыныбек Алиев эскерилди


КАРАКОЛ. Республиканын ички иштер министрлигинин экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү башкармасынын жетекчиси, милициянын полковниги Чыныбек Алиев 5-майда белгисиз кылмышкерлер тарабынан атып өлтүрүлгөн. Аны эскерүү митингисине 500гө жакын киши катышты. Митингде маркумдун наамындагы фонд түзүлгөнү маалымдалды. Чыныбек Алиев атындагы фондду уюштуруучулардын демилгеси менен жыл сайын райондук деңээлде спорттук мелдештер өткөрүлмөкчү. Бул жолу волейбол боюнча мелдешке 21 команда катышты. Мелдештин жеңүүчүлөрүнө фонддун атынан бир миң сомдон 10 миң сомго чейин акчалай сыйлыктар берилди.

XS
SM
MD
LG