Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:47

Эл өкүлдөр жыйынынын сессиясы башталат


БИШКЕК. 25-октябрда Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын кезектеги сессиясы ачылат. Ал эми шейшембиде парламенттин кош палаталарынын биргелешкен отурумунда президент Аскар Акаев калкка кайрылат.

Бул ирет Эл өкүлдөр жыйынынын сессиясынын күн тартибине киргизилген 2005-жыл үчүн бюджеттин долбоору башкы маселе катары талкууланат.

Мындан тышкары депутаттар башкы прокурор Мыктыбек Абдылдаевдин, ички иштер министри Бакирдин Субанбековдун жана улуттук банктын төрагасы Улан Сарбановдун отчетторун угушмакчы. Бул тууралуу маалымат Эл өкүлдөр жыйынынан ишемби күнү алынды.

XS
SM
MD
LG