Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:31

Коопсуздук кеңеши терроризмди, экстремизмди четтетүү чараларын белгиледи


БИШКЕК. Коопсуздук кеңешинин ишемби күнү өткөн отурумунда президент Аскар Акаев терроризмди жана экстремизмди четтетүүнүн төрт багытын белгиледи. Президенттин маалымат кызматынын белгилешинче алар төмөнкүлөр: терроризмди шарттаган жагдайларды четтетүү, террордук, экстремисттик топтордун мыйзамсыз кирешелерин ачыктоо, каржы булактарын табуу, террордук аракеттерге катышы бар уюшкан кылмыштык, наркомафиялык, диний-экстремисттик топторду жок кылуу, диний экстремисттик идеяларды таратууга тоскоол болуучу пропагандалык кеңири иш чараларды уюштуруу.

Акаев кеңеште идеологиялык терроризмди жана экстремизмди коомдогу өтө коркунучтуу көрүнүш катары белгилеген. Алардын бири - «Хизб ут-Тахрир аль-Ислами» саясий партиясынын ишмердүүлүгү. "Хизб ут-Тахрирди" жактоочулар чет өлкөлөр сыяктуу эле Кыргызстандын өзүндө да бар.

Президент идеологиялык экстремизмди саясий күрөшкө катышкан айрым топтордун, уюмдардын жана маалымат каражаттарынын демократиялык стандарттарга, өнүгүүгө карай жеке түшүнүктөрүн коомго агрессивдүү сиңирүү аракеттери менен байланыштырган. Мындай көрүнүштөрдү мамлекет башчысы жөн эле пропаганда эмес, бийликти басып алуу аракети катары баалап, экстремизмге каршы күрөштү күчөтүү үчүн мыйзам базаларын чыңдоо керектигин белгилеген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG