Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:16

Эл аралык станцияда алты ай иштеген космонавттар Жерге кайтып келди


Орусиялык Геннадий Падалка менен америкалык Майкл Финкке Эл аралык космос станциясында өткөргөн алты ай учурунда төрт жолу ачык космоско чыгууга туура келди. Алар эл аралык космос станциясын жаңы топко, Кыргызстанда туулуп өскөн, орусиялык космонавт Салижан Шарипов менен америкалык Лерой Чиаого өткөрүп беришти. Жаңы топ станцияда келерки жылдын апрелине чейин болуп, эки ирээт ачык космоско чыкмакчы. Геннадий Падалка, Майкл Финк менен катар Эл аралык космос станциясына мындан сегиз күн мурда барган орусиялык космонавт Юрий Шагрин да бүгүн Жерге кайтып келди. Былтыр февраль айында АКШнын "Колумбия" кемеси кыйрагандан бери космоско Орусиянын кемеси гана учууда.

Дүйнөдөгү соңку жаңылыктарды Прагадан Улан Эшматов даярдады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG