Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:18

Пакистанда тажикстандык өспүрүм кармалды


Ал "ал-Каида" уюмуна байланышы бар деген шек менен Түштүк Вазирстан чөлкөмүнөн Пакистандын коопсуздук кызматтары тарабынан кармалган. Алардын кечээги билдирүүсүнө караганда өспүрүм бала жолго жардыруучу зат коюуга аракеттенип жаткан кезде туткундалган. Тажик ырасмий өкүлдөрүнүн айтымында, окуя 3-октябрда эле болгон. Тажикстандын Исламабаддагы консулдугунун өкүлү Абдуалим Норасов биздин радиого буларды билдирди:

-Бул баланын "ал-Каида", Талибан же башка экстремисттик топтор менен эч байланышы жок. Исламабаддагы консулдук ишти иликтөөдө жана колдон келгендин баарын жасап жатат. Биз чыныгы маалымат алуу үчүн атуулубуз менен жолукканы жатабыз.

Ал эми баланын өзүнүн айтымында, ал башка төрт өспүрүм менен катар бетин чүмбөттөп алган адамдар тарабынан бир айча мурда уурдалып кеткен.

Түштүк Вазирстан чөлкөмү Ооганстандан оогон "ал-каидачылар" менен Талибандын калдыктары башкалкалап жүргөн жер катары эсептелет. Пакистан бул аймактарда аларды издөө боюнча аскерий операцияларды өткөрүп келүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG