Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:17

Жапониянын түндүгүндө миңдеген адамдар экинчи түндү эшикте өткөрүшүүдө


Кечээ бул аймакта соңку 9 жылдан берки эң катуу жер титирөө болуп, натыйжада 21 адам каза таап, 2 миңдейи жаракат алган. Анын күчү очогунда 6,8 баллга жетти. Жер силкинүүсү бүгүн кайрадан катталды. Миңдеген үйлөр электр жарыгысыз, суусуз калган, жолдор бузулуп, жер титирөө жер көчкү менен да коштолду. Жапон өкмөтү жаратылыш кырсыгына кабылган бул алыскы аймак менен байланыш орнотуу аракетин улантууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG