Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:01

Иракта жергиликтүү 43 жоокердин, беш тургундун сөөгү бир жерден табылды


Окуя Бакуба деген шаардын жанында болгон. Полициянын маалыматына караганда, алар башына артынан атып өлтүрүлгөн. Ирактын Улуттук гвардиясынын Мандали деген шаардагы бөлүгүнүн командири Жассим ас-Саади бүгүн буларды маалымдады:

-Өткөн түнкү саат ондо бизге жана полицияга Бадра-Казания деген жердеги массалык өлтүрүү жөнүндө кабарлашты. Бир сааттан соң Улуттук гвардиянын жана полициянын биргелешкен күзөтү кол салуу болгон жерге келди. Биз баштарына ок жеген адамдардын сөөгүн жана өрттөлгөн автоунааны таптык.

Ал эми Фаллужа шаарында, америкалык учактар козголоңчулардын турумдары делген жерлерге сокку урганда жергиликтүү дарыгерлердин маалыматы боюнча, кеминде жөн-жай беш киши мерт болгон, башка жети киши жаракат алган.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин билдиргенине караганда, америкалык дипломаттардын бири Багдад аэропортунун жанынан автоунаасы минемоттон аткыланганда каза тапкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG