Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:57

КАРАЧАЙ-ЧЕРКЕС ПРЕЗИДЕНТИ КҮЙӨ БАЛАСЫН 5 млн. РУБЛГЕ ИЗДЕП ЖАТАТ


Муса Мураталиев, Москва Карачай-Черкес жумуриятынын баш калаасы Черкескиде 11-октябрь түнү кимдир-бирөөлөр 7 тургунду үй-үйлөрүнөн чакырып чыгып, белгисиз жакка алып кетишкен. Арадан бир апта өткөндөн кийин алардын төрт жүзгө чукул эне-ата, урук-туугандары көчөгө чыгып, нааразылык акциясын уюштурушту. Алар өкмөт үйүнө, парламентке, андан кийин президенттин кенсесине кирип барышып, "балдарыбызды таптырып бергиле!" деген талап коюшту.

Жума күнү кечинде Карачай-Черкес жумуриятынын президенти Мустафа Батдыев жергиликтүү химиялык ишкананын акционерлерин карматып барып, көзүн тазалатып салган өзүнүн күйөө баласы - Али Каитов болгонун моюнуна алды. Ошондон бери жумуриятта абал олку-солку.

Ал эми Каитов болсо качып жүрөт. Анализчилер муну Түндүк Кавказдагы дагы бир жумуриятта саясий кризистин пайда болушу катары баалашууда. Анткени 21-октябрда президент Батдыевдин кенсесине эшигин тоскондорду жыга коюп кирип баргандар барынан мурда - президенттин кетишин талап кылышты.

"Жумуриятта уюшулган кылмышты президенттин күйө баласы - «Кавказцемент» ишканасынын генералдык директору, жумурияттын парламентинин депутаты Али Каитов башкарып келатканы мурда эле белгилүү болчу" деп жазат «Правда» жума күнү чыккан санында.

Каитовдун көзүн караган күч органдарынын жетекчилери кандай гана ырайымсыз кылмыш болбосун жаап коюп турган. Ошол себептен көчөгө чыккан эне-аталар күч органдарынын жетекчилерин да кызматтан чететүү талабын коюшту.

Каитов өзү жетектеген компаниянын акцияларын күчкө салып сатып ала баштаган экен. Түнката чакыртып алып, аттырып салынган 7 кургурдун баары акционерлер экен. "Жабылуу аяк жабылуу бойдон калмак" экен, бирок карачайлардын көчөгө чыкканы жумуриятты кыйла эле эңги-деңги кылды. Көчөгө чыккандардын көксөсүн суутуш үчүн Маскөөнүн чабармандары барышты. Арага түшүп атып араң бас-бас кылгансыды.

Орусиянын башкы прокурорунун түштүк федералдык округ боюнча орун басары Николай Щепель мындай дейт:

-Тилекке каршы биз азырынча курман болгондордун сөөктөрү жашырылган жерлерди таба элекпи. Бирок кандай да болбосун алардын киши колдуу болуп өлгөнү бизди күмөн санатпайт.

Ал эми Орусия президентинин түштүк федералдык округ боюнча өкүлү Дмитрий Козактын айтканы:

-Кылмыш иши ак жана так иликтенет. Кылмышты иш жүзүнө ашыргандардын баары дээрлик колго түшүрүлдү.

Ошол эле учурда "Кавказдагы мындай жагдайдын пайда болушуна баарынан мурда федералдык бийлик күнөөлү" дегендер да бар. Маселен көзкарандысыз анализчи Юлия Латынина минтет:

-Маскөө бардык жерде ишкердүүлүктү чиновниктердин колуна берип койду. (Кавказда – ММ) бийликке келген чиновниктер маскөөдөгүдөй каршылашкан жагын абакка каматпайт, дароо аттырып салат.

Дүйшөмбүдө Карачай-Черкес өкмөтүнүн вице-президенти Ансар Тебүевди машинесинде олтурган жеринен кимдир-бирөөлөр атып кетишкен. Аны жерге коюу каадасында президент Мустафа Батдыев күйө баласын кармап берген кишиге 5 миллион рубль, ал эми Тебүевди аткан кишини кармап бергенге 2 миллион рубль бере тургандыгын жарыя кылды.

XS
SM
MD
LG