Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:12

"ТАЛАНТ ТАГДЫРЫ": ТИМУР САЛАМАТОВ


Көргөндөрдү көркөмдүү келбети менен суктанткан Ысыккөлдүн көкүрөгүндөгү Караколго барган сайын өз доорунун жарчысы аталган улуу комузчу-күүчү, элдик композитор Ыбырай Туманов атындагы музыкалык окуу жайына кайрылам. Жетекчилери, педогогдору, студенттери менен жолугушам. Окуу жайдагы жаңылыктар, саамалыктар, өзгөрүүлөр, өсүүлөр менен таанышам. Көл өрөөнүндөгү көзгө басар музыкалык окуу жайынын директору - Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, музыка таануучу, композитор Тимур Саламатов. Бүгүн кеп ошол туурасында.

Тимур Саламатов Москвадагы Гнесиндер атындагы мамлекеттик музыкалык педагогикалык институтунун тарых-теория, композитордук факультетин бүтүргөн. Кезинде Кыргыз Улуттук консерваториясында проректоу болуп иштеген.

- Тимур мырза, азыркы Кымбат Самудинованын аткаруусундагы эл ыры «Жүрөгүмдү» коштоого алган "Азем" ансамбли качан, ким тарабынан уюшулду эле? Республикалык сынактарга, маданий иш чараларга катышабы?

- Рахмат. Каракол шаарындагы Ы.Туманов атындагы музыкалык окуу жайында иштей баштаганыма эки жылдан ашты. Бул жерде жакшы музыканттар бар экен. Алардын башын бириктирип башка жааматтарга окшошпогон ансамбль түзөйүн деп аракет кылдым. Беш музыкант аткаруучуну, бир чоорчуну, урма аспаптан бир добулчаны, кыл кыякчы, комузчуну тандап алдым. Ансамбль уюштурдум. Атын «Азем» деп койдук. Буюрса эки жылдын ичинде натыйжа жаман эмес. Бүткүл көл өрөөнү эле эмес, республикалык чоң салтанаттуу иштерге концерттик программабыз менен катышып жатабыз. Маселен кыргыздардын Бүткүл дүйнөлүк экинчи курултайына чоң концерт бердик. Андан кийин КМШ өлкөлөрүнүн СМТи өттү, ага да өнөрүбүздү тартууладык. Ысыккөлгө бүт дүйнөдөн күн сайын, жума сайын кадырлуу меймандар келишет. Аларга такай концерт беребиз. Беш аспапчы музыкантыбыз, үч ырчыбыз бар.

- Мына азыр Барпынын ырынын бүгүнү талапка ылайыкталып, жаңы аваздык көркөм түстө, эстраданын тилинде, стилинде иштелип чыккан үзүндүсүн уктук. Эми топтун бүгүнкү-эртеңки өздүк репертуарына, аткаруучуларына токтоло кетсеңиз?

- Ырчыларды, программаларды тандаганда биринчиден кыргыздын улуттук нукура ырларын, күүлөрүн көтөрүп чыгалык дедик. Анан аспапташтыруунун жаңы формаларын табууну алдыбызга максат кылдык. Баягы эле илгертен сиздер угуп жүргөн «Саадак какты», «Камбаркан» аттуу күүлөрдү жаңыча, башкача аспапташтырдык. Атайдын, Мусанын, кийинки обончулардын ырларын да иштеп чыктык. Анан жеке эле улуттук музыка менен чектелип калбай, кыргыздын болгондо да илгерки аспаптарынын түрү, үлгүсү менен иштеп атабыз. Бир эле мезгилде улуттук байыркы аспаптар менен дүйнөлүк композиторлордун чыгармалары кандай аткарылат, кандайча ырдалат экен деп испандардын, немистердин, орустардын музыкаларын да аткарып көрдүк. Ошентип программабыз ар түрдүү. Ырчыларыбыз да жетилип, такшалып калды.

- Тимур мырза обондорду, күүлөрдү жана башка музыкаларды ким аранжирлештирет?

- Алардын баарын өзүм оркестирлештирем. Бул үчүн композитордук тажырыйба керек экен, бизде кыргыздар да көбүнчө ансамбль десе эле он-он беш комузчуну отургузуп коюп баары эле бир күүнү унисондо (бир үндө) ойноп көнүп калышканын угуп да, көрүп да жүрөбүз. Музыканын өнүккөн жери - аз эле аспап менен бирок гармония чыга тургандай, үндөшкөндөй чеберчиликте аткарууда.

- Эми өзүңүздүн жеке чыгармачылыгыңыз жөнүндө айта кетсеңиз?

- Мугалимдик менен бирге жеке чыгармачылыгымды калтырган жокмун. Музыка изилдөөчү катары да иштеп атам. Улуттук жана азыркы өнүгүп аткан музыканын мыйзам ченемдүүлүктөрүн изилдөөдөмүн. Бир эле мезгилде композитордук иштер менен да көбүрөөк алактенип жүрөм. Анткени турмуш ошону талап кылып атат. Ырларды жазып жатам. Себеби ырчыларга эч кимди кайталабаган ыр керек болууда. Мына ошолордун үстүндө эмгектенип атам. Ысыккөлдө областык музыкалуу драма театр бар. Театрдын эки спектаклине музыка жаздым. Биринчиси Б.Жакиедин «Саадак кактысына», экинчиси З.Сооронбаеванын «Баян» деген спектаклине.
XS
SM
MD
LG