Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:22

Гезиттердин жетекчилери бийликке кайрылды


ЖАЛАЛАБАД. Кайрылууда төрт жылдан бери облуста басма сөз эркиндиги сакталбай жаткандыгы белгиленген. Басма сөздө сынга алынган жетекчилер менен жарандар аймактык басылмаларды сотко берүүнү адатка айланткан. Алардын кызыкчылыгын жактаган жергиликтүү соттор каражатты чектелүү жана кез-кезде араң чыккан райондук гезиттер менен авторлорду чоң айып пулдарга жыгып, маалымат каражаттары менен кабарчылардын укуктары унутулууда. Мындай ыкма элет жеринде демократия жана сөз басма сөз эркиндигинин жоюлушуна, аймактык гезиттердин жабылышына алып келет. Сот реформасы менен алардын эл тарабынан шайлануусун каалаган журналисттер өлкө башчысы менен Жогорку соттон башка республикалык укук коргоо уюмдарына да кайрылып, бул абалдан чыгууга жардам берүүнү суранышкан.

XS
SM
MD
LG