Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:08

Франциялык өрт өчүрүүчүлөр кыргызстандык кесиптештерине жардам берет


БИШКЕК. Бир жумадан бери Кыргызстанда жүргөн өрт өчүрүү кызматы боюнча франциялык эксперттер Патрик Секарден менен Жан-Ги Лоран бүгүн мекенине кайтып кетишти. Эксперттер Кыргызстанда болгон учурунда экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу өрт өчүрүү кызматынын Балыкчы, Чолпоната, Каракол жана Бишкек шаарларындагы жагдайы менен таанышты. Тажрыйба алмашуу максатын көздөгөн эксперттер менен жолугушуу учурунда министрдин орун басары Алмазбек Камчыбеков Кыргызстан тарап техникалык жардамга муктаж экенин белгиледи. Адистердин айтымында, учурда өрт өчүрүүгө таандык мүлктүн 70 пайызы жараксыз абалда. Франция тарап болсо азырынча Кыргызстандыктарга өрттөн коргонуучу кийим-кече түрүндө жардам берүүнү болжоп жатат. Октябрдын этегинде тажрыйба алмашуу үчүн кыргызстандык өрт өчүрүүчүлөр Францияга барышат. Бул тууралуу экология жана күтүүсүз кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

XS
SM
MD
LG