Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:21

Оппозиция энергетикага байланыштуу маселенини каралышын үзгүлтүкө учуратты


БИШКЕК. Бүгүн Мыйзам чыгаруу жыйыны «Концессия жөнүндөгү» мыйзам долбоорун карай алган жок. Ага кворумдун жоктугу себеп болду. Оппозициялык маанайдагы депутаттар бир жумадан бери атайын каттоодон өтпөй коюп, энергетикага байланышы бар «Концессия жөнүндөгү» мыйзам долбоорунун палатада каралышын үзгүлтүккө учуратууда. Өкмөттү жактаган депутаттар тобу оппозициянын бул кадамын саясий оюн катары бааласа, экинчи тарап аны энергетика тармагын мамлекет колунда сактап калуунун акыркы аргасы катары баалоодо. Эми Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары пленардык отурумга 5-ноябрда чогулмакчы. Ага чейин алар өз шайлоо округдарында иштешет.

XS
SM
MD
LG