Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:52

ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН ЭЛ ӨКҮЛДӨР ЖЫЙЫНЫНЫН АКЫРКЫ СЕССИЯСЫ БАШТАЛДЫ


Дүйшөмбү күнү Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйыны кезектеги парламенттик шайлоо алдындагы акыркы сессиясын баштады. Сессиянын күн тартибине отуздан ашуун маселе киргизилип, анын ичинде 2005-жылдын бюджети жөнүндөгү мыйзам долбоорун кабыл алуу маселеси башкы милдет деп белгиленди.

Эл өкүлдөр жыйынынын парламенттик сессиясы эки баскыч менен өтөт. Ага 2005-жылдын бюджети жөнүндөгү мыйзам долбоорун эки жолку окуу менен кабыл алуу башкы себеп. Бул маселеден тышкары палата Европа өнүгүү жана Азия өнүгүү банктарынан «Жибек жолу» акционердик коомуна берилген чет элдик кредитти кайтарууну иликтеп чыккан мекемелер аралык комиссиянын жыйынтыгын, Башкы прокурордун, Ички иштер министринин отчетун угуп, Бишкектеги административдик-маданий ишкер борборду куруунун мыйзамдуулугун, «Кыргызтелекомдун» акциясын сатуунун зарылдыгын талкуулайт. Бул маселелердин ичинен башкысы - 2005-жылдын бюджети жөнүндөгү маселе. Палатанын бюджет боюнча комитеттин төрагасы Жеңишбек Эшенкуловдун айтымында, палата мыйзамды алгач караганда долбоорго дагы 295 миллион сомду кошууну сунуштап, аны ала турган булактарды да көрсөткөн. Каржы министри Болот Абилдаев комитеттин ушул күнү болгон кеңейтилген жыйынында сунуш кылынган сумманын көп бөлүгү долбоорго кошулгандыгын билдирди:

- Айтылган сунуштарды эске алуу жана бюджет системасынын киреше бөлүгүн бекемдөө үчүн салык жыйноонун көлөмү 200 миллион сомго көбөйтүлдү. Ал ички дүң продукциянын 0,2 пайызын түзөт. Анын ичинде ички продукциядан алына турган кошумча нарк салыгы 45 миллион сомго, импорттук товардыкы 50 миллион сомго жогорулатылды. Кирешеден алынчу салык 105 миллион сомду түзө турган болду. Сунушталып жаткан долбоордо салыктан башка жактан да алына турган каражаттын көлөмү такталып, ал 100 миллион сомго көбөйтүлдү. Ал мурда бюджеттен берилген 50 миллион сомдук ссуда менен каражаттан алынчу үстөк проценттин эсебинен топтолот. Мына ушундай өзгөрүүлөрдүн негизинде бюджеттин киреше бөлүгү 18 миллиард 663 миллион 800 миң сом болот. Ал мурда 18 миллиард 336 миллион 70 миң сом болчу.

Болот Абилдаев салыктан алынчу каражаттын көп бөлүгү билим берүү, саламаттык сактоо жана илим изилдөө тармагын өнүктүрүүгө жумшалаарын кошумчалады.

Бул жолку сессиянын күн тартибинде коомчулуктун бүйүрүн кызыткан жана талаш-тартыш жарата турган бир топ маселелер бар. Анын бири «Кыргызэнерго» акционердик коомун менчиктештирүүнүн үчүнчү баскычынын натыйжасы жөнүндө өкмөттүн отчетун угуу. Энергетика тармагын менчиктештирүүнүн төртүнчү баскычына өтүү маселеси эки айдан бери Мыйзам чыгаруу жыйынында карама-каршылык жаратууда. Буга тармакты менчиктештирүүнүн мурдагы баскычтары тууралуу өкмөттүн маалымат бербей жаткандыгы башкы себеп болууда. Депутат Жаныш Рустембековдун айтымында, Эл өкүлдөр жыйыны бул маселени сессиянын экинчи баскычында карайт жана анын жыйынтыгы Мыйзам чыгаруу жыйынынын чечимине жараша болот. Анткени, парламент тармакты менчиктештирүү боюнча эки палата жана өкмөт өкүлдөрүнөн түзүлгөн үч тараптуу макулдашуу комиссиясынын сунушун өкмөттүн эске албай жаткандыгына кабатыр:

- Өкмөт биз кабыл алган токтомду аткарбай, өз билгенин жасап жатат. Биз бул тармакты өнүктүрүү боюнча үч тараптуу макулдашуу комиссиясын түзгөнбүз. Анын жыйынтыгы боюнча чечим кабыл алып, ага өкмөттүн да, парламенттин эки палатасынын тең өкүлдөрү кол коюшкан. Азыр өкмөт анын баарын четке кагып коюп, өз долбоорун кароого сунуштады. Бул туура эмес. Макулдашуу комиссиясын түзгөндөн кийин комиссия кабыл алган чечимди кароого сунушташ керек болчу. Анан мыйзам боюнча өкмөт энергетика тармагын менчиктештирүүнүн үч баскычы боюнча отчет берүүгө милдеттүү болчу. Аны берген жок. Азыр мына Мыйзам чыгаруу жыйыны өкмөт сунуштаган мыйзам долбоорлорун караган жатат. Бул туура эмес. Адегенде энергетика тармагын менчиктештирүү эмне берди, келечеги кандай болот деген маселе боюнча өкмөттүн отчетун угуу зарыл эле. Отчет бербей туруп эле өкмөт карайсыңар деп зордуктап, мыйзамды бузуп жатат.

Жаныш Рустембековдун айтымында, өкмөт энергетика тармагын менчиктештирүүнүн жаңы баскычына өтүүгө негиз берчү мыйзамдарды кабыл алууга сунуштоодон мурун парламентке отчет берип, менчиктештирүүнүн жакшы жана кемчил жактарын тактап алса талаш болмок эмес.

Эл өкүлдөр жыйыны мындан тышкары отун-энергетика тармагында продукция өндүрүү, ташуу жана сатуу боюнча мыйзамдардын 2000-2003-жылдарда аткарылышын иликтеген комиссиянын жыйынтыктоочу сунушун угат. Жайкы сессияда палата бул тармактагы ишканалардын акцияларын башкаруу боюнча Мамлекеттик мүлк комитетинин иши натыйжалуу эмес, ишкана жетекчилери тармакты өнүктүрүү аракеттерин көрбөйт деген токтом кабыл алып, аны оңдоо сунушун өкмөткө берген. Ал эми Башкы прокурор Мыктыбек Абдылдаев «Кыргызэнергонун» финансы-чарбалык ишин текшерүү боюнча 1999-жылы түзүлгөн актка байланыштуу көрүлгөн чаралар тууралуу сессияда маалымат берет.

Палата андан тышкары «Жибек жолу» акционердик коомуна берилген 30 миллион долларга жакын чет элдик кредиттин 1996-жылы бери эмне себептен жиги жок кеткендигин аныктоого аракет кылат. Байкоочулардын баамында, бул маселе да талаш жаратышы ажеп эмес.

XS
SM
MD
LG