Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:07

МАКСАТЫНА ЖЕТПЕГЕН МЕНЧИКТЕШТИРҮҮ, ЭНЕРГИЯ ЭЭСИ КИМ БОЛОТ? «МСН» ГЕЗИТИН СОТКО БЕРГЕН ПРЕЗИДЕНТ


26-октябрда жарык көргөн “Агым” басылмасында журналист Алым Токтомушевдин «Жолбүгүн» түрмөгүнөн «Шашып жатышат» деген макаласы бул жолу электр тармагындагы көйгөйлөргө арналды. Ал эми “Аалам”, гезити улуттук-рух дөөлөттөр тууралуу ой-пикирлерге орун берди.

26-октябрда, бүгүн жарык көргөн “Агым” басылмасында журналист Алым Токтомушев “өлкөнүн экономика өркөчүн түзгөн ишканаларды сатуу ит куугандай шашылып жүрүп жаткандай таасир калтырат” деп жазуу менен бул жолу электр энергетика тармагын менчиктештирүү маселесин талдоого алат. “Электр тармагы мамлекеттин эң бир майлуу жери. Ал менчиктештирилгени, сатылганы калды. Жарыя айтылбаган акчалар башка чөнтөккө түшүп кетпесин. Биздин байкашыбызча, “үлгүлүү аспирант” Кубанычбек Жумалиевге бул тармакты көзөмөлдөө, башкаруу милдети бекеринен жүктөлгөн жок”, - деп жазат Алым Токтомушев.

Ушул гезитте кабарчы Асыран Айдаралиев: “Алга, Кыргызстан” партиясы Бишкек шаардык кеңешке депутаттыкка сүрөп, 6-орундан секирген Кудайберген Базарбаев мыйзам бузуулар менен депутат болгону далилденип, №6 “Асанбай” округунан Айбек Осмоналиев утуп чыкты. Бул чатакты Борбордук шайлоо комиссиясы калыс чечти” деп жазган.

Ушул эле «Агым» басылмасында дагы кандай макалалар жарыяланганы тууралуу басылманын жооптуу катчысы Гүласина Каленова буларды айтып берди:

- Сессия жаңылыктары, «Дүйнө - бир бүркүм» кабарлары, айыл жана суу чарба министри Александр Костюк тууралуу «ак-кара саптар» деген макала «Сен жөнүндө 8 сап» деген рубрика менен жарык көрдү. Алыскы Австралия өлкөсүнөн Кыргызстанга алтындын куну менен сатылып, алынып келген «голубой» кочкорлордун тагдыры тууралуу Жамин Акималиевдин айткандары, окурмандардан келген кат-кабарлардын негизинде түзүлгөн «Бомбей кат» бети жана башка жаңылыктар орун алды.

Ошондой эле шейшембиде жарык көргөн “Аалам” басылмасы бул жолу улуттук-рух, бабалар мурастары тууралуу атайын сан болуп чыкты. «Аалам» гезитинин жаңы санындагы макалалардын мазмуну тууралуу жооптуу редактор Нарынкүл Назаралиева мындай дейт:

- «Улут-ордо», «Кут» коомдук уюмдар, бирикмелердин ишмердүүлүгү тууралуу макалалардын түрмөгү жарык көрдү. «Теңир ордо», «Манас ордо» коомдук бирикмелери жөнүндө кеңири сөз болду. «Айтыш», «Кыргыз руху» жана «Комуз» коомдук фонддору тууралуу да баяндама, маектер бар.

25-октябрдагы “Вечерний Бишкек” басылмасы өлкөнүн коопсуздук кеңешинин жыйыны, анда каралган маселелер, Канттагы Орусиянын авиабазасынын бир жылдыгы, Баткен коогалаңында курман болгондорду эскерүү жана Кыргыз эл баатыры, белгилүү бедизчи Тургунбай Садыковдун чыгармачылыгы жөнүндөгү макалаларга орун берди.

26-октябрда чыккан “Дил ордосу” гезити ажолуктан үмүтү бар президенттик администрациянын жетекчиси Тойчубек Касымов, “МСН” басылмасын сотко берген президент Аскар Акаев тууралуу маалымдады. Ошондой эле “Өлкөдөгү менчиктештирүүдөн 4 млрд. сомдук каражат түшмөк, бирок мындай максат ишке ашпай калды”, деп сындаган депутаттар Ишенбай Кадырбеков менен Кубатбек Байболовдун ой-пикирлери орун алды. Ушул басылмадагы макалалардын мазмуну менен кабарчы Айдар Козуев мындайча тааныштырат.

- Түркүн саясатчылардын башын кошкон Курманбек Бакиев жетектеген “Кыргызстандын элдик кыймылы” тууралуу аналитикалык макала, интернеттеги секс, эротикалык материалдардын жаштарга терс таасири тууралуу ажы Дүйшөн Абдылдаевдин баяндамасы жана белгилүү адабиятчы Салижан Жигитов менен болгон маек жарык көрдү.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG