Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:24

КАРАЧАЙ-ЧЕРКЕС ПРЕЗИДЕНТИНИН КҮЙӨӨ БАЛАСЫ БИЙЛИК КОЛУНА ТҮШҮП БЕРДИ


Дүйшөмбүдө Орусиянын Башкы прокуратурасы Карачай-Черкес жумуриятынын президенти Мустафа Батдыевдин күйөө баласы Али Каитовдун кармалгандыгы туурасында маалымат таратты. Черкесск шаарында 11-октябрь түнү жоголгон 7 киши үчүн күнөөлү деген кишилердин башында турганы ошол – Каитов дешет. Кылмышты изилдеп аткандар баамында, жумурияттагы эң кирешелүү АК «Кавказ-цемент» ишканасынын акционерлери, ошол түнү Каитовдун дачасынын жанында атылышкан. Бирок атылган кишилердин сөөктөрү эмдигиче табыла элек. Буга дейре укук коргоо органдары бул иш боюнча 7 кишини кармашкан. Пикир келишпөөчүлүк жумурият мүлкүн кайра бөлүүдөн улам келип чыккан дешет.

11-октябрь түнү Черкесск каласынын жети тургунун, президенттин күйө баласы Али Каитов чакырып атат деп кимдир бирөлөр ээрчитип кеткен жана алар ошондон кийин үйлөрүнө кайтып келишкен эмес. Алардын баары «Кавказ-цемент» АКсынын акционерлери болушкан. Маселен, алардын бири - жумурият парламентинин депутаты Руслан Богатыревдин колунда АКнын 20 пайыз акциясы болгон дешет.

Эртең менен алардын жакындары милицияга билдиришкен. Бирок милиция бир жума бою жооп берген эмес. Ошондо 19-октябрь күнү жоголгон уландардын 300дөй эне-ата, ага-туугандары көчөгө чыгуу уюштуруп, президенттин кенсесине кирип барып, бирок анын жылуу ордун басып калышкан.

Мына ошол күндөн бери Черкесскиде жоголгон акционерлер жек-жааттарынын нааразылык акциясы уланып атат. Маселен, кечээ, 24 октябрда Карачай-Черкес президентинин маалымат кызматынын жетекчиси Фатима Чикунова:

- Алар бүгүн, бир түн, бир күн ичинде балдарыбыздын өлүү болсо - сөөгүн, тирүү болсо - өзүн колубузга салып бересиңер деп талап коюшту, - деди эле.

Ал эми жума күнү болсо президент Мустафа Батдыев кызы Людмила Батдыева күйөөсү Али Каитов менен ажырашуу үчүн арыз киргизгендигин билдирген. Ал эми Маскөөдөн барган парламент депутаттар алдында:

- Бул кишилерди кармоого жана апарга тийешелүү жазаларын колуна берүү үчүн мен бар аракетимди жасаймын, - деген эле. Президенттин андай аракеттеринин бири катары, биз буга дейре айткан, күйөө баласын кармап бергенге 5 миллион рублей беремин убадасы болгон.

Бул материалды даярдап атып биздин Түндүк Кавказдагы кабарчыбыз Лада Леденева менен байланышканыбызда ал Черкесск калаада президенттин күйөө баласы Али Каитов Карачай-Черкеск жумуриятындагы федералдык коопсуздук кызматынын кишилерине, өзү, колго түшүп бергенин маалымдады. Ошондон кийин да жоголгон уландар урук-туугандарынын жаалы басылбай атканын кошо белгиледи:

- Азыр эле Черкесск калаасынын борбордук аянтына уруксаты жок чогулган миңдей кишинин митингиси болду. Алардын эмики койгон талабы - жумурияттын күч органдар жетекчилерин кызматтан четтетилиши, иликтөөнүн ак жүрүшү жана ушубакка табылбаган курман болгондордун сөөктөрүн маркумдар жакындарына берүү болду, - деди биздин кабарчы.

XS
SM
MD
LG