Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:01

КЫРГЫЗСТАНДА БАҢГИ ЗАТТАРДЫ САТУУ КӨЛӨМҮ ӨСҮҮДӨ


Акыркы жылдары Кыргызстанда баңги заттарды сатуу көлөмү, ошону менен бирге баңгилердин да саны өсүүдө. Маң заттар менен күрөшүү өлкөдө эң курч көйгөйлөрдүн бири бойдон кала берүүдө. Укук коргоо органдарынын айрым өкүлдөрү жана жогорку даражадагы мамлекеттик кызматкерлер бул көйгөй менен күрөшпөстөн, тескерисинче, баңги заттарды саткан учурлар да байкалат.

Баңги заттар менен күрөшүү иштери бир топ жылдар бою жүргүзүлүп келе жатканы менен, Кыргызстанда баңги заттарды сатуунун көлөмү өсүүдө. Мунун биринчи себеби Кыргызстандын географиялык жактан транзит өлкө катары жайгашуусу. Ооганстанда өстүрүлүүчү опийимдин 60 пайызы Кыргызстандын жана Тажикстандын тоолуу жолдору аркылуу өтөт. 2003 жылы укук коргоо органдары тарабынан 3,5 тонна маңзат кармалган. Бул 2002 жылга салыштырмалуу 22 пайызга көп. БУУнун Баңги заттарды көзөмөлдөө боюнча бюросунун маалыматына ылайык, Кыргызстанда баңгилердин саны 80 миңден 100 миңге чейин жетет. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына таянсак, өткөн жылы баңгилердин саны 3 эсеге көбөйгөн. Маң заттарды көзөмөлдөө боюнча агенттиктин жетекчиси Курманбек Кубатбеков акыркы үч айда 110 кг опийим жана 25 кг героин кармалганын белгилеп, баңги заттар менен соода кылып жаткан адамдарды кармоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иш аракеттерге мындайча токтолду:

- Кыргызстан да наркотрафиктин негизги багыты болуп саналат. Ал эми Ооганстанда опийимди өстүрө турган аянттар жылдан жылга кеңейип жатат. Биздин республика аркылуу “Түндүк маршрут” деп коюшат, ошол маршрут аркылуу көп маң заттар өтүп жатат. Быйыл өткөн жыл менен салыштырмалуу эки эсе көп маң заттар кармалды. Мунун бир белгиси опийим менен героиндин баасынын төмөндөшү.

Баңги заттардын Кыргызстан аркылуу өтүшү менен кылмыштуулуктун да саны өсүп жатат. Баңги зат контрабандасына киргендер негизинен жумушсуз адамдар, жаштар жана аялдар. Бирок, акыркы учурда бул тизмени жогорку даражадагы бийлик төбөлдөрү, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү да толуктап жатат. Мисалга алсак, 18 октябрда опийимди сатуу максатында Баткенде Тажикстандын юстиция министрлигинин ага лейтенанты 92 кг опиум менен кармалган.

Баңги заттарды көзөмөлдөө боюнча агенттиктин түштүк башкармалыгынын жетекчисинин биринчи орун басары Сагынбек Сардарбеков тажикстандык жогорку даражадагы мамлекеттик кызматкерлер буга чейин да кармалганын белгилеп кетти:

- 28-августта ошол эле Баткен облусунда 70 кг опийим менен Тажикстандын жараны кармалган. Буга чейин Бишкетеги борбордук аппараттын кызматкерлери менен Сосновка постунда унаанын ичинен 39 кг опийим таап чыкканбыз. Ал эми бул жылдын “рекорду” 92 кг опийимдин кармалышы болду. Кармалган адам Тажикстандын юстиция министрлигин ага лейтенанты экен. Азыр тергөө иштери жүрүп жатат. Акыркы алты ай ичинде Түштүк башкармалынын кызматкерлери тарабынан 202 кг опийим жана 21 кг героин кармашты.

XS
SM
MD
LG