Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:48

Кытай адам укугу маселесин АКШ менен талкуулоого макул...


АКШнын Мамлекеттик катчысы Колин Пауэллдин Кытайдын президенти Ху Цзянтао дагы башка бийлик адамдары менен болгон кездешүүсүндө Түндүк Корея жана Тайван проблемасы, ошондой эле адам укугу маселеси талкууланды.
Пауэл Бээжинде бүгүн билдиргенге караганда, ал жана Ху Түндүк Кореядагы ядролук кризисти талкуулоо үчүн алты жактуу сүйлөшүүнүн дагы бир айлампасын өткөрүү зарыл деп табышкан.

Түндүк Кореяны атомдук куралдуу болуудан баш тартырууну көздөгөн АКШ, Түндүк жана Түштүк Корея, Россия, Япония, Кытай катышкан алты жактуу сүйлөшүү үч ирет натыйжасыз бүткөн.
Пауэлл ырасмий Бээжин адам укугу боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууга да макул болгонун да маалымдады. Кытай март айында мындай сүйлөшүүнү токтотуп койгондо, Вашингтон Улуттар Уюмуна Кытайдагы адам укугун сындаган резолюциянын долбоорун киргизээрин эскерткен.

XS
SM
MD
LG