Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:39

Саавалайнен таанышуу максатында келди


БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстанга Эл аралык валюта корунун миссиясынын башчысы Тапио Саавалайнен келди. Ал Бишкекте президент Аскар Акаев, премьер министр Николай Танаев баш болгон жетекчилер менен жолугушуп, өлкөдөгү азыркы кырдаал боюнча пикир алмашмакчы. Бул тууралуу валюта корунун Бишкектеги өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. Маалыматка караганда, Эл аралык валюта корунун салттуу миссиясы ноябрь айынын соңунда келет. Анда Кыргызстан менен Эл аралык валюта кору аткарып жаткан үч жылдык программа жыйынтыкталмакчы.

XS
SM
MD
LG