Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:36

Кыргызстанда экстремизмге каршы күрөштүн 5 жылдык планы иштелет


БИШКЕК. Кыргызстанда саясий жана диний экстремизмге каршы күрөштүн 2010-жылга чейинки комплекстүү планы иштелип чыкмай болду. Коопсуздук кеңешине ушундай тапшырма бергенин президент Аскар Акаев бүгүнкү кайрылуусунда билдирди. Анын айтымында, бул план Башкы прокуратуранын, Коопсуздук кызматынын, министрликтердин жана мекемелердин катышуусунда даярдалат. Аталган иш чара социалдык мобилизациялоо, экономикалык эркин ишкердик, акыйкат башкаруу иштерин туура жүргүзүү аркылуу экстремизмдин социалдык базасын чектөө аракетин көрөт. Президенттин айтымында, «радикализм максатына жетүү үчүн эртеби-кечпи баары бир күч колдонууга өтөт. Көбүнчө алар мыйзамдарды тебелеп-тепсеген «жибек» же «роза» революциясы түрүндө болот.» деди президент кайрылуусунда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG