Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:15
БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин кош палатасына жана Кыргызстан калкына президент Аскар Акаев салттуу кайрылуу менен чыкты. Өз кайрылуусунда президент өлкөнүн социалдык-экономикалык, саясий өнүгүшүнүн келерки багыттарын белгиледи. Анын ичинен энергетика, туризм, мамлекеттик менчиктештирүү, айыл чарба тармактарын айрыкча маани бере турган тармактар катары атады. Президент бул кайрылуусунда эл аралык уюмдар Кыргызстанды демократиянын үлгүсү катары карап жатканын белгилеп, келерки парламенттик жана президенттик шайлоонун мыйзам чегинде өтүшү үчүн бардык аракеттерди көрөрүн убада кылды. Мамлекет башчы ошондой эле массалык маалымат каражаттары элдин бейкуттугуна кол салбашы жана жарандык тирешүүлөрдүн пайда болушун ыңгайлаштырбашы керек деп эсептеди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG