Бул иш Багдаддан түштүгүрөөк райондо 2003-жылы апрелде, коалиция Иракка киргенден кийин болгон. Кошмо Штаттары өз кезегинде Ирактагы аскери кампаларды кайтаруу боюнча бардык аракеттер көрүлүп жаткандыгын белгиледи. Мамлекеттик департаменттин өкүлү Адам Эрели операция башталган күндөн тартып эле Ирактагы бүткүл аскери кампаларды күзөтүү үчүн күч-аракеттер көрүлгөнүн, бирок бул өлкөдө курал-жарактар абдан көп экенин эске алганда аскери бардык жайлардын коопсуздугун кынтыксыз камсыз кылуу мүмкүн болбой жатканын да ырастады.