Владимир Путиндин Киевдеги визити ушул аптанын этегиндеги президенттик шайлоого таасир көрсөтүүнү көздөбөйт, деп билдирди Украинанын тышкы иштер министрлигинин өкүлү. Путин Украинаны фашисттик оккупациядан бошоткон күндүн 60 жылдыгына байланыштуу иш-чараларга катышат, деп кошумчалады министрликтин өкүлү. Путин Киевге кечинде келген соң жергиликтүү телекомпаниялар аркылуу түз ободо украиналыктардын суроолоруна жооп берет.