Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:18

Израилдин парламентинде Ариэл Шарондун планы талкууланууда


Палестин аймактарынан жөөт маалаларын көчүрүп чыгарууну чечкен премьердин демилгесин колдобогондор да көп. Алар кнессетке жакын жерде демонстрация өткөрүп жатышат. Митингди уюштургандардын бири,улуттук диний партиянын лидери Эффи Эйтам каршылык көрсөтүү жаңы гана башталып жатканын, көчөлөргө керек болсо миңдеген жөөттөр чыга турганын эскертти. Шарондун өкмөтүн бийликтен алуу үчүн колдон келгендин баарын жасайбыз, деп билдирди ал. Айрым маалыматтарга караганда, Шарондун планы парламентте жактырылышы мүмкүн. Кечээ Газа тилкесиндеги качкындар лагеринде рейд өткөрүп, жөөт аскерлери бери эле дегенде он төрт палестин кишисин өлтүрүп, алтымыштан ашуунун жарадар кылды.

XS
SM
MD
LG