Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:24

МУСУЛМАН КАРТОГРАФТАРЫНЫН ОМОКТУУ ИЛИМИЙ САЛЫМЫН ИЛИКТЕГЕН МЭЭНЕТКЕЧ ТАРЫХЧЫ


Ушул тапта Германияда жашаган карыя аалым – Фуат Сезгин мусулман ренессансы дооруна таандык илим тарыхын чагылдырган 13 томдук эмгекти жазды. Эмгектин соңку үч тому араб жана мусулман картографтарынын салымын иликтөөгө арналган.

Теги – түрк, 80 жаштагы аалым Фуат Сезгин (Fuat Sezgin) менен бир ирет илимий жыйында таанышкан элем. Ал азыр Гёте атындагы университеттин Араб-мусулман илиминин тарыхы институтунун мүдүрү.

Жакында «Азаттыктын» кабарчысы Чарлз Рекнагел Франкфурт шаарындагы эл аралык китеп жармаңкеси маалында окумуштуу менен жолугуп, чакан маек курган болчу. Өз эне тили – түркчөдөн башка немис, араб жана англис тилдеринде эркин сүйлөгөн профессор Сезгин кабарчыбызга мусулман элдеринин илиминин тарыхына арналган 13 томдук китебинин соңку үч тому тууралуу өзгөчө ынтызардык менен айтып берди.

Бул үч том «мусулмандардын кайра жаралуу доору» деп айтылуу немис окумуштуусу Адам Мец тарабынан таасын аталган доордогу математикалык географиянын тарыхына арналган. Бул тууралуу Сезгин мырза мындай дейт:

- Мен, жалпылап айтсам, бул үч томдукта алгачкы жолу математикалык география тарыхын жазып чыктым. Буга чейин математикалык географиянын толук тарыхы дээрлик жок болчу, анткени окумуштуулар мусулман дүйнөсүнүн математикалык географиясынан кабардар эмес эле.

Профессор Сезгин мусулман картографтары өз карталарында математик географтардан тышкары, деңиз жана кургактык аркылуу саякат кылган аалымдардын кеңири маалыматын колдонгонун, мусулман географтардын дүйнө таанымы байыркы гректер менен римдиктердин мезгилиндегиге караганда алда канча кеңири болгонун жазат.

Фуат Сезгиндин эң ири ачылыштарынын бири – Багдадда 813-833-жылдары бийлеген айтылуу Аббасийлер халифи ал-Мамундун буйругу менен түзүлгөн дүйнө картасы болуп саналат. «Жоголуп кетти» деп саналган бул картаны Сезгин мырза өзүнүн атажуртунда – Стамбул шаарында музейдеги кол жазмалардын арасынан таап алган болчу:

- Көп сандаган географтар, астрономдор, математик окумуштуулар бул картанын үстүнөн иштеген. География тарыхын иликтөөчүлөр бул картанын аталышы жөнүндө гана билишчү. Акыры мен бул картаны Стамбулдагы Топкапы сарайы музейинде сакталган энциклопедиядан таап алдым.

Мусулман окумуштуулар тобунун бул ажайып орток картографиялык эмгегинде Евразия менен Африка континенттеринин мурда Европага белгисиз болгон нечендеген аймактары таасын көрсөтүлгөн.

Албетте, мусулман аалымдары өз билимине жок жерден эле жете калбагандыгы маалым. Мусулман окумуштуулары ар башка аймактарда жашаган, ар кыл диндерди туткан жана ар кыл тилдерде сүйлөгөн аалымдардын өз дооруна чейинки илимий мурастарын кылдат өздөштүргөнүн профессор Сезгин баса белгилейт:

- Арабдар, мусулмандар ар кыл билимди христиандардан, жөөттөрдөн, ирандыктардан эч тартынбастан эле өздөштүрүшкөн. Мусулмандар сабырдуу болушкан. Мусулмандар алиги христиандар менен жөөттөрдү өз мугалимдери санашкан. Бул - өтө маанилүү жагдай, анткени сырткарыдан билимди өздөштүрүү доору эки жүз жылдай убакытты өз ичине алган.

Кошумчалай кетсек, борбордук азиялык айтылуу энциклопедист окумуштуулар Мухаммед ал-Хорезми менен Абу Райхан Беруни арабчадан тышкары санскрит жана башка чыгыш тилдерин мыкты билишкен. Ал эми философ Абу Наср Мухаммед ал-Фараби болсо байыркы грек тилин да билген. Түркөйлүккө кайрадан чүмкөнгөн Европада мурасы кадырлоого алынбай калган байыркы грек ойчулу Аристотелдин түп нускасында сакталбай калган айрым эмгектерин Фараби араб тилине которуп болочокку илимге дайын кылган.

Бул мусулман аалымдардын илимдеги залкар салымын ачып берүү аркылуу Фуат Сезгин мырза да бүгүнкү илимий турмуш үчүн алардын эрдигин кайталап жаткандай сезилет.

Франкфурт китеп жармаңкеси маалында профессор Сезгиндин иш-аракетине өз көзү менен күбө болгон кабарчыбыз Чарлз Рекнагел (Charles Recknagel) мындай дейт:

- Көргөзмөгө коюлган нерселерге түшүндүрмө берүүсүн өтүнгөндөр профессорду кайра чакырганда мен аны байкап турдум. Бул жолу ага немис көрөрмандар кайрылышты. Профессор канчалык ар кыл компастар менен жылдыздардын аралыгын ченегич аспаптардын арасына сүңгүгөн сайын, ошончолук өзү изилдеп келген мусулман окумуштуулардын мурасын иликтөө жана сактап калуу жаатында чаалыкпас кайратын айгинелетип жатты.

Албетте, мусулман географиясын иликтөөдө Сезгинге чейин деле арбын иш жасалган. Маселен, орусиялык И.Ю.Крачковский, Б.А.Розенфельд жана Г.П. Матвиевская сыяктуу аалымдар мусулмандардын математикалык география илиминин тарыхын иликтөөдө зор салым кошушкан.

Бирок профессор Фуат Сезгиндин үч томдук жаңы чыгармасы бул жааттагы соңку илимий табылгаларды азыркы заманага шайкеш жалпылаштырган атайын эмгек катары илимде өзүнүн татыктуу ордун ээлей тургандыгында шек жоктой.
XS
SM
MD
LG