Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:07

БУЛ ЖОЛУ ДОНОРЛОР КАНЧА АКЧА БЕРИШЕРИН АЙТЫШПАЙТ


Сапар Орозбаков, Бишкек 3-ноябрда Бишкекте донорлордун кеңешмеси болору күтүлүүдө. Мындай кеңешме буга чейин 2002-жылдын октябрында болуп өткөн болчу. Анда донорлор 3 жыл ичинде 700 млн доллар акча бөлөрүн жарыя кылышкан. Бүткүл дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн билдирүүсүнө караганда, бул жолу донорлор канча жардам беришерин айтышпайт.

Бүткүл дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Крис Лавлейстин дүйшөмбү күнү ишкерлердин эл аралык кеңешинде жасаган билдирүүсүнө караганда, 3-ноябрда Бишкекте донорлордун кеңешмеси болуп өтөт. Ага болжол менен жыйырмага жакын донордун өкүлдөрү катышат. Бүткүл дүйнөлүк банктын делагациясын анын вице-президенти Шигео Катсу жетектеп келет. Кеңешмеге президент Аскар Акаев, премьер министр Николай Танаев да катышаары күтүлүүдө.

Крис Лавлейс «бул жолу донорлор, өткөн жолку кеңешмеден айырмаланып, канча акча беришерин айтышпайт» деп билдирди. Биз алар аны эмне үчүн айтышпасын тактаганда:

- Бул учурга байланыштуу болуп жатат деп ойлойм. Эмдиги жылы парламенттик жана президенттик шайлоо болот. Мындай шартта жакырчылыкты кыскартуу стратегиясынын кандай аткарылып жаткандыгын жана Париж клубу менен сүйлөшүүлөр кандай аяктарын алдын ала карап көрүп, андан кийин гана донордордун кеңешмесин өткөрүү туура болор эле, – деди Крис Лавлейс. Анын айтымында, донорлор Жакырчылыкты кыскартуунун улуттук стратегиясынын аткарылышын, адилет башкаруу жана коррупцияга каршы күрөш маселесин карашмакчы. Алар ошону менен бирге өз жардамдарын ыраатташтыруу маселесин да талкуулашат.

Вице-премьер Жоомарт Оторбаев болсо донорлордун канча акча беришерин айтпастыгын бир аз башкачараак түшүндүрдү. Анын айтымында, бул Жакырчылыкты кыскартуу программасынын аяктай электигине байланыштуу:

- Өткөн жолугушууда донорлор 3 жылдык программага акча беришкен. Программа 2005 жылы гана бүтөт. 2005-жылы же 2006 жылы дагы бир жолугушуу уюштуруп, каражат жөнүндө ошондо сөз болот, – деди Жоомарт Оторбаев. Ал бул программа ийгиликтүү аяктаса, 2006-жылы жакырчылыкты кыскартуу боюнча жаңы программа кабыл алынарын белгиледи.

Жапания, Германия, АКШ, Франция, Улуу Британия, Швейцария өңдүү бир нече өлкө, өзгөчө Эл аралык валюта кору жана Бүткүл дүйнөлүк банк баштаган финансылык уюмдар, Кыргызстан эгемендик алып, базар экономикасына кадам шилтегенден баштап, ага акчалай да, кеңеш түрүндө да өз жардамдарын берип келишет.Бирок берилген акчалар күткөндөй натыйжа бербей, өлкөнүн тышкы карызы өсүп кеткендигине байланыштуу, донорлор Кыргызстанга жардам берүүнүн стратегиясын өзгөртүшкөн. Алар акчалардын көбүн өкмөткө эмес, жеке секторго беришерин айтышкан. Андан тышкары алар кредиттерди колдон келишинче жеңилдетилген шартта беребиз деп чечишкен.

Донорлордун мурдагы кеңешмеси 2002-жылдын октябрь айында өткөрүлгөн болчу. Анда донорлор ошол кезде жаңы кабыл алынган Жакырчылыкты кыскартуунун улуттук стратегиясын каржылоо үчүн 700 млн доллар беришерин айтышкан эле. Анын жарымын грант түрүндө беребиз деп убада кылышкан. «Ал акчалардын канчасы келип түштү» деген биздин сурообузга:

- Ар бир донордун убада кылган суммасы бар. Бүткүл дүйнөлүк банк да бере турган акчасын айткан болчу. Ал өзүнүн милдеттенмесин аткарды. Ушинтип баардык донорлордун маалыматын чогултса, 700 млн доллардан ашык болуп чыгат, - деди Крис Лавлейс.

Жоомарт Оторбаев болсо, ал акчалардын так эсеби азырынча жок экендигин, ал программа аяктаганда гана чыгарыларын айтты:

- Баары түшө элек. Канчасы түшкөнүн так айталбайм. 2005-жылы гана так айтканга мүмкүнчүлүк болот, – деди Жоомарт Оторбаев.
XS
SM
MD
LG