Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:00

ГЕРМАН СОТУ ИСЛАМЧЫЛАРДЫН АРЫЗЫН КАРАЙТ


Герман соту радикал исламчылар уюму саналган «Хизбу-т-тахрир» тобунун өкүлдөрүнүн дээрлик эки жыл илгери бул уюмга карата салынган тыйууну алып салуу тууралуу арызын кароо үчүн атайын күн белгиледи. Деги, эч кандай террордук иш-аракетке түздөн-түз аралашпаган диний уюмду коркунуч булагы катары кароого болобу? Германиянын бийлиги гана эмес, башка бир катар өлкөлөр да азыркы тапта дал ушул татаал суроого жооп издөөдө.

Лейпцигдеги федералдык башкаруу соту «хизбу-т-тахрирчилердин» арызын 2-декабрда карай баштамакчы. Бул тууралуу соттун басма сөз өкүлү «Азаттык үналгысына» тастыктады.

Борбордук Азияда мыйзамсыз иш жүргүзүп жаткан оппозициялык күч катары саналган «Хизбу-т-тахрир» партиясына аймактагы бир катар мусулман өлкөлөрүндө жана жакында Орусияда да тыйуу салынган. Германияда болсо 2003-жылдын январ айында ички иштер министри Отто Шилинин буйругу менен бул партия мыйзамсыз деп жарыяланган.

«Хизбу-т-тахрир» уюмунун максаты - дүйнөнүн кайсы болбосун бөлүгүндө шариятка негизделген мамлекетти тынч жол менен куруу үчүн күрөшүү болуп саналат.

Арийне, уюмдун Батыштагы секулярдык коомчулукка өөн учураган мындай мүдөөсүнө карабастан, Европанын көпчүлүк өлкөлөрү бул исламчыл партияга сабырдуулук менен мамиле кылып келет.

Германиялык «хизбу-т-тахрирчилер» болсо министр Отто Шиллинин бул партия «жек көрүүчүлүктүн жана зомбулуктун үрөнүн сээп», ошондой эле жөөттөрдү өлтүрүүгө чакырык жасап жатат деген айыптоосун четке кагышууда.

Бул исламдык уюмдун Германиядагы өкүлү - Шакир Асим (Shaker Assem). Анын ата-теги мысырдык, өзү – Австриянын атуулу. Инженер кесибин аркалаган Шакир Асим «Азаттык» үчүн курган маегинде герман министринин айыптоосуна макул эместигин мындайча билдирди:

- Биз, «Хизбу-т-тахрирдин» мүчөлөрү, антисемиттерден эмеспиз. Ошондуктан мындай айыптоолорду четке кагабыз. Биз жөөттөрдү өлтүргүлө деп чакырбайбыз. Биздин чакырыгыбыз мусулмандарга багытталган жана аларды Палестинадагы сионисттик баскынчылыктан коргонууга үндөп келебиз. Алар коргонууга акылуу.

Асимдин оюнча, «Хизбу-т-тахрир» уюму зомбулук аракеттерге эч кимди чакырган эмес жана чакырбайт.

Бирок «хизбу-т-тахрирчилердин» мындай мазмундагы билдирүүлөрүн Борбордук Азиядагы бийликтер четке кагып келет. Жакынкы эле күндөрү Кыргызстандын президенти Аскар Акаев «хизбу-т-тахрирчилерди» аймактагы коопсуздук үчүн коркунуч түзгөн күч катары баалап, «аны коргоого аракеттенип жатышат» деп айрым жергиликтүү саясатчыларды жана укук коргоочуларды сынга алды.

Германияда эл аралык террорчулукка каршы күрөш маселеси жөндөн-жөн чыга койгон жок. 2001-жылдын 11-сентябрындагы каргашалуу окуяларды уюштуруучулардын жана аткаруучулардын бир катары бул өлкөнүн Гамбург шаарында студент катары байырлап, террордук чабуул үчүн тымызын камылгаларын көрүшкөнү маалым.

Бул сыяктуу фактылардан соң, немистердин бир даары «хизбу-т-тахрирчилерди» түздөн-түз зомбулукка чакырбаган, бирок башка диндегилерге каршы ыйык казат идеясына кыйыр түрдө шыкактаган топ катары шектене карайт, - дейт берлиндик серепчи Уве Халбах (Uwe Halbach). Анын оюнча, «Хизбу-т-тахрир» уюмунун өлкөдө бар экендиги тууралуу немис бийликтери капысынан эле, алардын жыйыны өткөрүлгөндөн улам гана билип калышты:

- Улуу Британияда «Хизбу-т-тахрир» уюмуна азыр деле тыйуу салынган жок. Таң калаардык нерсе – бул уюм Британияда Германияга салыштырмалуу алда канча жигердүү иш-аракет жүргүзүп келет. Иш жүзүндө, Германияда соңку окуялар күтүлбөгөн жерден болду. Деги «Хизбу-т-тахрир» уюму деген эмне, мында эч кимдин кабары да, иши да жок болчу. Ал эми «Хизбу-т-тахрирчилердин» жыйыны өткөн соң, германдыктар бири-биринен, баарынан мурда, «булар – эмне болгон кишилер?» деп сурай башташты.

Ал эми Кошмо Штаттарда «Хэритэж» (Heritage) кору жакында жарыялаган баяндамада «Хизбу-т-тахрир» уюму Борбордук жана чыгыш Азиядагы жана Жакынкы чыгыштагы АКШнын кызыкчылыктарына коркунуч туудура баштаган күч катары бааланган.

Германияда декабрда баштала турган сот жараяны «сөз эркиндиги жана диний ишеним эркиндиги менен радикалдык күрөшкө чакырыктын жана мыйзамсыз иш-аракеттин ортосундагы чекти табуунун өрнөгү болобу, же жокпу?» деген маселе эл аралык чөйрөдө өзгөчө кызыгууну туудурууда.
XS
SM
MD
LG