Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:12

Кожокелен айылынын тургундары өкмөт башчыга кайрылуу жолдошту


ОШ. Карасуу районунун Папан айыл өкмөтүнө караштуу Кожокелен айылынын быйылкы жаздагы жер көчкү коркунучунан улам Папан айылына көчүп келген 8 үй-бүлө өкмөт башчысына кайрылуу жолдоду. Кайрылууда өкмөттүн алдындагы турак жай курулуш департаменти тарабынан убада кылынган ссуда өз убагында толук берилбегендиктен эрте жазда башташкан турак үйлөрүнүн курулушу бүтпөй калгандыгы айтылат. Мындан сырткары үйлөрүн жер көчкү басып калган согуштун ардагери 84 жаштагы Мамытов Аванга жана көп балалуу Кыямидин Турматовго жазда өкмөттүн эсебинен үй сатылып берилет деген бүтүм чыгып, бирок ал чечим белгисиз себептерден улам алигиче аткарылган эмес. Бир жаздагы жер көчкү коркунучунан жабыркаган үй ээлери кыш күрөөнүн алдында үй жайсыз калып, учурда тууган-уруктарыбыздын үйлөрүндө жашап жатабыз, абалдын оордугун райондук, облустук жетекчилерге айта берип үнүбүз бүттү. Өкмөт жетекчилиги тез аранын ичинде аталган маселеге көңүл бурбай турган болсо мөөнөтсүз ачкачылык жарылай тургандыгыбызды билдиребиз» деп айтылат кайрылуунун аягында. Мындай маалымат бүгүн Кожокелен айылынын тургуну Кыямидин Турматовдон алынды.

XS
SM
MD
LG