Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:22

ИИМ уюшулгандыгынын 80 жылдыгын өткөрөт


БИШКЕК. 1-ноябрда Ички иштер министрлигинин уюшулгандыгынын 80 жылдык мааракеси өткөрүлөт. Мааракеге байланыштуу кыргыз милициясынын тарыхын чагылдырган Сагын Наматбаев атындагы музейдин ачылышы болот. Ал эми салтанаттуу жыйын Улуттук филармонияда өткөрүлүп, жыйынга мамлекет башчысы Аскар Акаевдин катышуусу күтүлүүдө. Мындай маалыматты бүгүн ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
1924-жылы 1-ноябрда Каракыргыз Автоном облусунун облустук милиция бөлүмү өз ишмердүүлүгүн баштаган.
Учурда Ички иштер министрлигинде 10 миңге жакын милиция кызматкери бар.

XS
SM
MD
LG