Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:19

Алыскы аймактарда СПИД илдети боюнча маалымат жетишпейт


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте Бириккен Улуттар Уюмунун Глобалдык фондунун СПИДге, кургак учукка жана безгекке каршы күрөш боюнча программасынын алкагында алгачкы Улуттук конференция болуп өттү. Жыйынга расмий бийликтин, жарандык коомдун, саламаттык сактоо тармагынын жооптуу кызматкерлери катышты. Республикалык «СПИД» борборунун жетекчиси Борис Шапиронун маалыматына караганда, чет элдик уюмдар аталган борборго көлөмдүү акча каражаттары жана медициналык дары дармектерден жардам берип турат. Ал ошондой эле борбордун иш алып баруусуна тиешелүү мыйзам, токтомдорду кыргыз өкмөтү тарабынан кечиктирип жатканын белгиледи. Конференцияда, алыскы аймактарга СПИД илдетинин коркунучу тууралуу маалыматтар жетишпей жаткандыгы айтылды. Расмий маалыматтар боюнча өлкө аймагында СПИДдин ВИЧ илдетин алып жүрүүчүлөрдүн саны учурда 610 адамга жеткен.

XS
SM
MD
LG