Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:32

Премьер-министр Эл аралык валюта Корунун Кыргызстандагы өкүлү менен жолугушту


БИШКЕК. Бүгүн премьер-министр Николай Танаев Эл аралык валюта корунун Кыргызстандагы миссиясынын жетекчиси Тапио Саавалайнен менен жолугушту. Тараптар өлкөдө туруктуу өнүгүү жана кедейчиликти кыскартуу боюнча программанын ишке ашырылышы боюнча пикир алышышты. Жолугушууда ошондой эле социалдык фондко бөлүнгөн төлөмдөрдүн көлөмүн кыскартуу, өлкөдөгү салык реформасына байланыштуу маселелер да талкууланды. Тапио Саавалайнен Эл аралык валюта Кору соцфондко болгон төлөмдөрдү кыскартууну сунуш кылгандыгын, бирок, ал үчүн өлкөдө азырынча шарттар жок экендигине карабастан, бул маселенин үстүнөн иштөөнүн зарылдыгын белгиледи. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан маалымдашты.
Кечээ Тапио Саавалайнен Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы Алтай Бөрүбаев менен жолугушкан.

XS
SM
MD
LG