Агенттиктин жетекчиси Антонио Мария Коста талиптер режими кулатылгандан кийин апийим өндүрүү кескин жогорулаганын белгиледи. Апийим өндүрүүдөн түшкөн каражат Ооганстандын ички дүң продуктунун жарымын түзөт. Агенттиктин отчету эмки жумада жарык көрмөкчү.
Кабулдагы бейпилдик күчтөрдүн мурдагы башчысы генерал Рик Хиллер баңгизаттар Ооганстандын стабилдүүлүгүнө коркунуч келтирген башкы факторлордун бири деп билдирди.
Кабулдагы бейпилдик күчтөрдүн мурдагы башчысы генерал Рик Хиллер баңгизаттар Ооганстандын стабилдүүлүгүнө коркунуч келтирген башкы факторлордун бири деп билдирди.