Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:16

Евробиримдик Украинадагы президенттик шайлоо кампаниясы демократиялык стандарттарды бузуу менен өтүп жатканын дагы бир жолу белгиледи


Биримдиктин Киевдеги элчилери жасаган билдирүүдө оппозициялык маалымат каражаттары, бейөкмөт уюмдар кысымга алынып жаткандыгы айтылат. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму да жекшемби күнкү шайлоого карата камтамачылыгын билдирди.
Киев өкмөтү премьер-министр Виктор Януковичтин талапкерлигине ачык колдоо көрсөтүүдө.
Ушу тапта Укрианада визит менен жүргөн Россиянын президенти Владимир Путин Януковичтин кабинетин экономикалык жетишкендиктери үчүн мактады.
Бүгүн Путин президент Леонид Кучма менен жолугушмакчы.

XS
SM
MD
LG