Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:15

Еврокомиссиянын жаңы мүчөлөрүн бекитүү кийинкиге калтырылды


Еврокомиссиянын болочок төрагасы Жозе Мануэл Баррозу комиссиянын жаңы курамын кайра карап чыкмай болду.
Европарламенттин депутаттары комиссиянын жаңы мүчөлөрүн бүгүн шайлашмак. Евробиримдиктин ассамблеясында сүйлөгөн сөзүндө Баррозу “добуш берүү бүгүн өткөрүлсө, анын жыйынтыгы Европа органдарына терс таасир тийгизет”, - деди:

- Бул маселени жакшылап карап чыгып, сиздердин колдооңузга ээ болуш үчүн кеңешип-масилиеттешүүгө кошумча убакыт керек.

Европарламенттеги кээ бир партиялар айрым саясатчылардын комиссарлыкка көрсөтүлүшүнө каршы чыгып, вето мүмкүнчүлүгү жөнүдө эскертишкен.
Азыркы төрага Романо Проди жаңы комиссия бекитилмейинче кызматын аркалай бермекчи.
Баррозу жаңы комиссиянын составын бир нече аптанын ичинде сунуш этмей болду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG