Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:32

БУУнун Коопсуздук Кеңеши Грузия-Абхазия ортосунда сүйлөшүү токтоп калганына тынчсызданат


Бул тууралуу кечээ таратылган билдирүүдө айтылат. Мурунку күнү Абхазиянын Жогорку соту ушул айдын башында өткөн президенттик шайлоодогу добуштарды кайра эсептеп чыгуу жөнүндө чечим кабыл алган. БУУнун Коопсуздук Кеңешинде төрагалык кылып жаткан Британиянын элчиси Адам Томсон абхаз чатагына мындайча токтолду. "Менимче, бүгүнкү жыйында сүйлөгөндөрдүн көбү Грузия-Абхазия ортосундагы тынчтык жараяны азыр токтоп калганын, ага негизинен абхаз тараптан демилгенин жокко эсе экендиги себеп деген жүйөгө макул", - деди Британиялык элчи.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG