Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:39

Президенттик шайлоого аз калган АКШда башкы талапкерлер ортосундагы кайым айтышуу уланууда


Президент Жорж Буш атаандашы Жон Керрини Иракта жоголгон жүздөгөн тонна жардыргычтардан жаңжал чыгарууга ашыгууда деп айыптады. "Биздин аскердик жетекчилик ар түрдүү жоромолдорду иликтеп жатат, балким, ал жардыргычтар биздин күчтөр Иракка бара электе алынып кетиши да мүмкүн. Бул тергөө өтө маанилүү, бирок ал ишти жакшылап изилдебей туруп, шашылыш тыянак чыгарууга ашыккан саясий талапкер кайдан мыкты аскердик командачы болсун", - деди Пенсилваниядагы эл менен жолугушуусунда азыркы президент. Сенатор Жон Керри Айова штатындагы кайрылуусунда Иракта жоголгон 340 тонна жардыргычтарды – "ойдо жок жаңжал" деп атап, президент Буш ага байланыштуу америкалыктарга болгон чындыкты айтышы керек деп белгиледи.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG