Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:41

Ирандын байытылган уранга байланыштуу программасын токтотуу боюнча сүйлөшүүнүн 2-айлампасы натыйжасыз аяктады


Франция, Британия, Германия дагы бир жолу Иранды аталган программасынан баш тартууга үндөштү. Алар байытылган уранды Тегеран атомдук бомба даярдоого керектейт деп шектенишет жана анын ордуна Иранга тынч максаттарда пайдаланылчу өзөктүк технология менен камсыздоону сунуш кылышкан. Кечээ андай сунушту Ирандын Жогорку лидери Аятолла Али Хаменеи четке кагып, сүйлөшүүгө катышып жаткан ырасми өкүлдөрүн чыгарып кетээрин айтып коркуткан. Тегерандык делегациянын мүчөсү Сириус Насери Иран ал программасын толук токтотуу сунушун эч убакта кабыл албайт, бирок анын тегерегиндеги сүйлөшүүлөрдү улантат деп билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG