Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:06

ЖАЛАЛАБАДДАГЫ АМЕРИКАЛЫК ЖАРАНДАР ӨЗДӨРҮН КАНДАЙ СЕЗИШЕТ?


Ырысбай Абдыраимов, Жалалабад 22-октябрда АКШнын Мамлекеттик департаменти «Аль-каида» уюму менен байланышы бар» деп шектелген «ИДУнун мүчөлөрү Өзбекстандан Кыргызстандын түштүк аймактарына өтүп келүүсү ыктымал» деп шектенип, Кыргызстандагы америкалык жарандарды этият болууга чакырды. ИДУ уюму менен диний экстремисттерден күтүлгөн террордук чабуулдарды болтурбоо үчүн Жалалабад облустук күч органдары кандай аракеттерди көрүүдө? Жалалабаддагы америкалык жарандар өздөрүн кандай сезишет?

Коомчулуктун баасы боюнча облуста элди түйшөлткөн маселелер арбын. Кошмо штаттардын өз жарандарын этияттыка чакырганы, кайсы мамлекет болсо да өз атуулуна кам көргөнү жакшы. Кыргызстандын үч областы жайгашкан Фергана өрөөнүндө эл аралык терроризм, диний экстремизм, маңзат аткезчилиги, жер жана чек ара, суу, жайыт, коррупция, жакырчылык өңдүү маселелердин тамыры жайылган. Терроризм менен диний экстремизм проблемасын бир мамлекеттин аймагында чечүү мүмкүн эмес. Күч органдарына Өзбекстандын Наманган, Анжиян, Фергана областтарынын кызматтары менен иштешүүгө туура келет:

- Террористтердин байланыштары бар. ошон үчүн аны жалаң эле бир мамлекеттин органдары чечет дегенден алысмын. Ошон үчүн биз булар менен күрөшүш үчүн коңшулаш мамлекеттердин атайын кызматтары менен тыкыз катнашта иштейбиз, - деди областтык улуттук коопсуздук башкармасынын төрагасы Марат Иманкулов эки тараптуу байланыш жөнүндө.

«Диний экстремисттик уюм» деп таанылган «Хизбу-т-тахрир» партиясынын областтагы мүчөлөрү «Аль-каида», «Өзбекстандын Ислам Кыймылы» өңдүү уюмдар менен байланышын четке кагышты. Борбор Азияда Ислам халифатын курууга үндөгөн партиянын өкүлдөрү Орусия менен өзбек бийлиги террорчулукту адам укугун бузуу жана турмуштун татаалдыгы менен өздөрү жаратканын белгилешти. «Кыргызстанда террорчулуктун чыгуусуна негиз жок» деп эсептешет алар:

- Өзбекстан жана Орусиянын президенттери басмырлык кылып Кыргызстанга өздөрүнүн саясатын өткөрүп атат. биз коңшубуз бири бирибизди колдошубуз керек деп. Эл канча кыйналса ошол жерде террордук иш ошончо көп болот. Кыргызстанда эл анча деле кыйналган жок. бийлик эле уюштурбаса Кыргызстанда террордук иш болбойт, - «Хизб-ут-тахрирдин» өкүлү Абдрахман Жолчиевдин жообу ушундай.

«Тынчтык» корпусунун ыктыярдуусу Тим Форбс башка жердештери өңдүү бул аймактан коркунучту байкай электигин билдирди: - Жалалабадда андай коркунучту сезе элекмин.
XS
SM
MD
LG