Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:55

БРИТАНИЯЛЫК МУСУЛМАНДАРДЫН КӨЙГӨЙҮ


Британиянын улуттук статистика башкармалыгы өткөргөн акыркы изилдөө өлкөдөгү мусулмандардын абалы башка диний жамааттарга салыштырганда өтө оор экенин, тактап айтканда, мусулмандар арасында жумушсуздук өтө жогору жана алар кыйын шартта жашашканын көрсөттү. Бул өлкөнүн мусулман жамааты үчүн жаңылык эмес. Анткени, Британ мусулман уюмдары өкмөткө бир нече ирет кайрылып, аларга жардам берүүнү өтүнгөн.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун Лондондогу кабарчысы Ян Яндын билдиришинче, Британиянын улуттук статистика башкармалыгынын изилдөөсү өлкө мусулмандарына эбактан тааныш көрүнүштү жалпы коомчулукка жараян кылды.

Британияны мекен күткөн мусулмандардын жаш мууну өздөрүн ишенимсиз сезишкенин теги ирактык Килуд Али деген жаш аялдын кабарчыга айткан сөздөрү күбөлөйт:

- Мен мусулман катары мусулмандардын Британиядагы ордун элестете албайм. Ар бир качкын же жардамга зар жана британдардан кем эмес жашоону каалаган адам үчүн буерде өзгөчө кыйын.

Килод Али жарыя болгон статистикалык маалыматтар куру сандар жана көпчүлүк мусулмандардын чыныгы абалын чагылдырбайт дейт:

-Өлкө үчүн бозгундардын баары эле ирактык качкындар сыяктуу жогорку билимдүү болгону жакшы эмес. Буерде иш таба албай жүргөн билимдүү фармацевтерди, билимдүү докторлорду, билимдүү инженерлерди толтура жолуктурасыз. Алар толук убак иштебей жүрүшөт.

Килуд өзү теңдүүлөрдүн ахывалы оор экенин айтып, бул мисалды бетке тутат:

- Мен фармацевт болгонум менен, өз кесибимге ылайык иштей албадым. Анткени, Падышалык фармацевтик коомдун курсунда окуп, иштөөгө укук алуу үчүн алар 7 миң фунт стерлинг ( 10 миң доллардан ашуун ) төлөө керек. Мен 23 жаштамын жана өз карьерамды баштагым келет. Бирок, Сиз мени экзамен үчүн 7 миң фунт стерлингди төлөй алат дейсизби?

Килуд Алинин айтымында, анын курбулары жумуш сурап кайрылганда, “жок” деген жооп албасы үчүн “теги араб мусулманы” экенин жашырып айтышпайт.

Улуттук статистика башкармалыгынын изилдөөсү боюнча, мусулмандардын дээрлик ар бир үчүнчүсү же 31 пайызында эч кандай кесиби жок. Тарса-христиандар жана жөөт-иудейлер арасында бул көрсөткүч эке эсеге дээрлик төмөн.

Британ мусулмандар кеңешинин башөкүлү Инаят Бунглаваланын айтышынча:

– Бул маалыматтар Британ мусулман кеңеши үчүн жаңылык эмес. Мусулмандар жамааты артта сүйрөлүп келатканы бизге узак жылдардан бери белгилүү.

Анткен менен, кечээ жакынга чейин мусулмандардын абалы жөнүндөгү статистикалык маалыматтар жабык болду. Анын себебин Бунглавала мындайча түшүндүрөт:

– Чынында, 2001-жылдан тартып өкмөт эл каттоодо динге тийиштүү суроону тактай баштаганда гана биздин жамаат коомгө көрүнүп калды. Ага дейре британ мусулмандары “Азиялык” же “Түндүк Африкалык” этникалык топтун ичине жашырылып коюлчу. Британ мусулмандарынын күнүмдүк көйгөйлөрүн чагылдырган маалыматтын жарыяланганына кубандык. Бул кыйын абал менен күрөшүүгө да милдеттендирет.

Мусулмандардын бир жааты “жарыбаган жашоодон” кутуулу үчүн өкмөттөн жардам керек дешсе, экинчи бирөөлөр мусулман жааматы өзү умтулбаса, турмуш оңолбойт дешет.

Лондондогу Араб-Иран изилдөө борборунун директору доктор Али Нурзаде болсо:

- Британ мусулмандарында кандайдыр бир проблемалары бар болсо, бул өкмөттүн ага кызыкпаганын же анын үстүнөн иштебегенин көрсөтпөйт. Британиялык мусулмандардын көбү коомдун ажырагыс бир бөлүгү. Алар буерде 50-60 жылдан бери жаш оодо жана өлкөнүн социалдык жана саясый турмушуна катышууда.

Нурзаде өз жердештеринен бөлүнбөстөн, өз мекениндеги жашоо жолоюн жана каада-салтын өзгөртпөй, атүгүл англис тилин үйрөнбөй жашаган адамдар да бар экенин айтат:

- Ирандык мусулмандар бул жерде өздөрүн жат сезишпейт. Бирок, Йеменден, Бангладештен, Пакистандан жакында келишкен мусулмандар өздөрүн чоочун сезишет. Алар өздөрүнүн геттосуна барышат да, ошо жерден чыгышпайт.

Британ мусулмандар кеңешинин башөкүлү Инаят Бунглавала премьер-министр Тони Блэр убадасында туруп, диний кемсинтүүгө каршы жаңы мыйзам кабыл алынса, мусулмандардын абалынын жакшыруусуна чоң өбөлгө болот деген үмүттө. Бирок, жаңы келген мусулмандар балдарын биринчи күндөн тартып Британиянын жашоосуна үйрөтө баштаса, “алар болочокто улуу муундай кыйналышмак эмес”.
XS
SM
MD
LG