Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:06

Ош шаарында «Элим менен, Элим үчүн» Коомдук фонду жыйын өткөрдү


ОШ. Аскар Акаевдин реформаларын колдоо демилгеси менен чыгып жаткан “Элим менен элим үчүн” коомдук фондунун төрагасы Аманбай Сатыбаевдин Аскар Акаевдин президенттик мөөнөтүн узартуу үчүн Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү керек деген пикири журналисттер тарабынан ар кандай маанайдагы суроолорду пайда кылды. Үстөккө-босток берилген суроолорго чыдабай кеткен Сатыбаев көз каранды эмес маалымат каражаттарынын журналисттеринин батыштын буюртмаларын аткарып жаткан чыккынчылар деп атады. Коомдук фонддун экинчи бир лидери Гүлшайыр Садыбакасова Аскар Акаевдин президенттик мөөнөтүн узартуу боюнча кол топтоодо кээ бир саясий күчтөр тарабынан бут тосуулар болуп жаткандыгын белгиледи. Кимдер экени ачык айтылган жок. Ал эми аталган маалымат жыйынына катышкан “Агым” гезитинин кабарчысы Алишер Токсонбаев Аманбай Сатыбаевдин эркин журналисттерди эл алдында чыккынчылар деп атагандыгы үчүн сотко бере тургандыгын жарыя кылды.

XS
SM
MD
LG