Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:12

Сузак районундагы пикет токтоду


ЖАЛАЛАБАД. “Кыргызстан адам укугунун коргоо” бөлүмүнүн демилгеси менен уюштурулган пикет алты күн бою Сузак райондук сотунун имаратынын алдында өттү. Отуз пикетчи президент менен Жогорку сотко, Жогорку Кеңешке плакаттар, атайын билдирүүлөр менен кайрылышып, сот реформасын объектүү жүргүзүүнү, соттогу туура эмес өкүмдөрдү токтотуп, райондук сот төрагасы менен судьясын кызматтан алуусун талап кылышкан. Пикеттин 28-октябрда токтолушуна мыйзамчы депутат Бектур Асановдун алар менен сүйлөшүүсү, маселени тынч, мыйзам негизинде чечүүнү сунуш кылуусу себеп болду. Адам укугун коргоо комитетинин облустагы координатору Молдосалы Ибраимов бийликтерден жооп болбогондугун белгилөө менен маселени чечүү үчүн 12-ноябрда миң адамдын катышуусу менен митинг өткөрүүгө райондук бийликке кайрылганын маалымдады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG