Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:08

Кыргызстандагы кичи шаарлардын абалы жакшыртылууда


БИШКЕК. 2004-жылы Кыргызстанда шаарлардын абалын жакшыртуу боюнча 300 долбоор ишке ашырылды. Аларга Азия өнүгүү банкы, Дүйнөлүк банк, Урбан институт жана башка эл аралык каржы уюмдары тарабынан 50 млн сом каражат бөлүндү. Бул жылы ошондой эле бардык шаарларда инвестицияларды тартууну камтыган өнүгүү стратегиялары иштелип чыкты. Бул тууралуу бүгүн Шаарлар Ассоциациясынын аткаруучу директору Болотбек Асанакунов маалымат жыйынында билдирди. Анын маалыматында, 2005-жылы Кыргызстанда кичи шаарлардын инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча беш жылдык программа ишке киргизилет. Ага Дүйнөлүк банк тарабынан 15 млн. АКШ доллары бөлүнөт. Соңку маалыматтар боюнча өлкөнүн 5 миллиондон ашуун калкынын 34,8 пайызы шаарларда жашашат. 1999-жылы 1989-жылга салыштырмалуу шаарда жашаган калктын саны 3,4 пайызга төмөндөгөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG