Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:59

Кыргызстан менен Грециянын ортосундагы кызматташтык чыңалат


БИШКЕК. Президент Аскар Акаевдин Грецияга күтүлүп жаткан расмий иш-сапары учурунда Кыргызстан менен Грециянын ортосундагы аба каттамдары жөнүндөгү, туризм тармагындагы кызматташтык тууралуу Макулдашууга кол коюлат. Бул жөнүндө бүгүн прзеиденттин маалымат кызматынан билдиришти. Афинада ошондой эле Греция менен Кыргызстандын тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы кызматташуу жөнүндөгү Протоколго кол коюлуп, эки тараптуу соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, илимий-техникалык тармактардагы кызматташууну өнүктүрүү маселелери талкууланат. Президент Аскар Акаев Грециянын президенти Константинос Стефанопулос, премьер-министри Константинос Караманлис жана башка расмий адамдар менен жолугушат. Кыргыз делегациясынын Грецияга болгон расмий иш-сапары 31-октябрдан 2-ноябрга чейин болот.

XS
SM
MD
LG