Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:58

АКАЕВДИН КАЙРЫЛУУСУ, КОРРУПЦИЯНЫН ТИЗГИНИН ТАРТАБЫЗ, БИШКЕК ШААР КЕҢЕШИ, САЛЫК КОДЕКСИ


Президент А.Акаевдин парламентке, элге кайрылуусу маалымдоо каражаттарында кеңири талдоого алынууда. Мамлекет башчынын эркин маалымдоо каражаттары тууралуу пикири кайчы пикирлерди пайда кылды. Бишкек шаар кеңешине шайлоодогу мүчүлүштөр маалымдалууда.

Бейшембидеги «Слово Кыргызстана» гезити президент А.Акаевдин парламентке, элге кайрылуусунун текстин жарыялады. Мамлекет башчы өлкөдөгү «төртүнчү бийлик» - маалымдоо каражаттарынын ишине токтолуп, эркин басылмалар радикал оппозициянын гана камчысын чаап турду деген сын пикирин айткан. Президент маалымдоо каражаттары коомдо коркунучтуу жагдайды түзүп, жарандык коомдун ичинде тирешүүнү жаратат деген пикирин ортого салды. А.Акаев Кыргызстан экономикалык өнүгүүнүн оор жолун басып өтүп, мындан ары алдыга ишенимдүү илгерилөөгө өткөнүн айтты.

Президенттин калкка кайрылуусуна үн кошуулар кыргыз басылмаларында байма-бай жарыяланууда. Жума күнү жарыкка чыгып аткан «Бишкек таймс» гезитинде А.Акаевдин кайрылуусун колдогон белгилүү маданий, коомдук ишмерлердин пикирине орун берилген. Ал тууралуу гезиттин башкы редактор орунбасары Эмилбек Момунов айтып бермекчи:

- Президенттин элге жана парламентке кайрылуусунда айрым орчун маселелерге көңүл бурулган. Республиканын белгилүү коомдук жана маданий ишмерлери президенттин кайрылуусуна карата өз пикирлерин ортого салышкан. Мындан тышкары Кыргызстандагы ишкерлер кандай кыйынчылык, тоскоолдуктарга кабылып атканы жөнүндө кабарчыбыздын макаласы жарыяланууда.

Президент кайрылуусуна сын пикирлер жума күнкү «МСН» гезитинде да чыкты. А.Акаевдин айрым басылмалар коомдо бөлүнүп-жарылууну, жарандык коомдун тирешүүсүн пайда кылышы ыктымалдыгы тууралуу пикирин азыркы бийлик «айыптууну издөө» кампаниясына айландырып аларына Рина Приживойт «Желмогузду издөө башталды» деген макаласында токтолот.

Ушул эле тема журналист Замир Өсөровдун макаласында да козголот. Автордун ырасташынча, коом ичинде жарандардын эркиндиги, инсан боштондугу болуусу зарыл. Журналист Вячеслав Тимирбаевдин макаласы «Шайлоого аз калды, дөбөттөрдү кое бергиле!» деп аталат. Эмитен эле өкмөттүк гезиттер эркин басылмаларды жаманаттылоо өнөктүгүн баштап, башкача ойлонгондорду четке сүрүп таштоо аракети башталды, деп белгилейт макала автору.

А.Акаевдин кайрылуусуна «Агым» гезитинде журналист Мамат Сабыров пикирин билдирди. Ушул эле автордун эмнеликтен адамдар депутаттыкка ат салышарын талдаган макаласы да гезиттин жаңы санында жарыяланууда. Тойго бараткан жолдо автокырсыкка учураган жазуучу той ээсинен тарткан моралдык-материалдык зыянынын ордун толтуруп берүү талабын коюп сотко кайрылышынын себеп-жөнүнө адабиятчы Салижан Жигитов токтолгон.

Бишкек шаар кеңешине негизинен жергиликтүү бийликке көз каранды шаардык уюм, мекеме жетекчилеринен арбын шайланганын бейшембидеги «Общественный рейтинг» гезити белгиледи. Ушул эле басылма жаңы Салык кодекси катаң сынга туш келип жатканын, анда салык төлөөчүнүн укугу басмырланып калганын жазды.

Бишкек шаар кеңешине шайлоодо жеңишке жетишкен талапкерди кантип депутаттыкка өткөрүшпөй койгонун бейшембидеги «Трибуна» гезити кабарлады. Жаңы конуштарда жашаган 164 адамдын каттоосу жоктугунан алардын добушу жараксыз деп табылып, мунун айынан миңден ашуун адамдын добушу эч нерсеге жарабай калды, деп белгилейт Алия Мааткулова.

Кезектеги эки шайлоо жаңы Конституциянын негизинде өтөрүнөн бир да кыргызстандык шек кылбайт, деп белгилейт Ырысбек Асан уулу ушул эле гезиттеги макаласында. Басылманын жаңы санында жарыяланган маегинде Жогорку Кеңешти Мыйзам чыгаруу жыйын төрагасы Абдыганы Эркебаев Кыргызстанда парламенттик башкаруу системасын киргизүүгө Конституция жол бербешин, президент аны жакын арада өзгөртүүгө ниети жоктугун билдирген.

Жума күнкү «Аалам» гезитинде кандай материалдар жарыяланарын гезиттин башкы редактор орунбасары Нарынкүл Назаралиева айтып берет:

- Ош облус губернатору Накен Kасиев менен болгон маек басылып жатат.

«Кыргыз руху» гезитинин редактор орунбасары Эркайым Көчөрбаева басылманын жаңы санында жарыяланчу материалдар тууралуу маалымдайт:

- Газетабыздын бүгүнкү санында «Келгин куштардын мезгили» деген темада келерки шайлоо тууралуу макала жарыяланууда. Ж.Масалиеванын энергетика тармагын кантип менчиктештирип атканы жөнүндө макласына да орун берилди.
XS
SM
MD
LG