Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:20

БЮДЖЕТТИН АЧЫК-АЙКЫН БОЛУУСУН КООМЧУЛУККА КАНТИП ЖЕТКИРҮҮ КЕРЕК?


«Сорос» фонду Кыргызстандын каржы министрлиги менен бирдикте бюджеттин ачык-айкын болуусуна багытталган «Бюджет жөнүндө сүйлөшүү» деп аталган шериктештик долбоорун ишке ашырып жатат. Долбоор үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында ишин баштаган. Бүгүн аталган долбоордун негизинде ишкерлердин, атуулдук коом жана маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда «Бюджеттин ачык-айкын болуусунда коомчулукиун жана ММК нын ролу» деген темада тегерек үстөл болуп өттү.

Тегерек үстөлдө негизинен бюджеттин ачык-айкын, жалпыга маалым болуусунда коомдук уюмдардын жана маалымат каражаттарынын ролу чоң экендиги тууралуу айтылды. Анткени мамлекетте жумшалып жаткан каражаттардын кайсы жакка кетип жаткандыгы тууралуу коомчулуктун да кабардар болуп туруусу-демократиянын бир талабы болуп саналат. Эл аралык «Сорос» фондунун каржы министрлиги менен бирдикте түзгөн долбоорунун негизги максаты ушуга багытталган. Фонддун координатору Чолпон Ногойбаеванын айтуусунда долбоордун негизги максаты-мамлекеттик, атуулдук коом жана ишкерлер менен сүйлөшүү жолу аркылуу Кыргызстанда бюджеттин айкын болушу үчүн жаңы ыкмаларды иштеп чыгуу болуп саналат. Долбоорго: Мамлекеттик каражаттар тууралуу маалыматтар, жаңы маалымат ресурстары, долбоордун интернет сайты
негиз болуп берет.

Каржы министринин коомдук кеңешчиси Эмил Алымкуловдун айтуусунда мамлекеттик бюджет тууралуу буга чейин деле массалык маалымат каражаттары, каржы министрлигинин атайын сайты аркылуу маалыматтар ачык эле берилип келген. Бирок, журналисттер анын сөзүнө каршы чыгышты. «МСН» басылмасынын кабарчысы Лариса Линин айтымында бюджет тууралуу айрым чектелген гана маалымат каражаттарында, карапайым окурманга түшүнүксүз тил менен берилип келет. Ошондой эле Лариса айымдын сөзү боюнча журналисттерге айкын деп саналган бюджеттин киреше бөлүгү гана белгилүү да, чыгаша бөлүгү таптакыр жабык:

- Бюджеттин киреше бөлүгү: түрдүү гранттар, салыктар жана кредиттер кантип келип жаткандыгы тууралуу бир аз маалымат алууга болот. Бирок бюджеттин чыгаша бөлүгү тууралуу тема биз үчүн табу бойдон калууда. Ошондуктан коомчулук бир-эки жылдан кийин гана кайсы бир министрлик канча бир миллиондогон акчаны максатсыз жумшап жибергендигин билет, ошондо да эсеп палатасынын жыйынтыктары боюнча гана. Бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнө жооп берген каржы министрлиги ушул жагына да көңүл бөлүшү керек.

Бюджеттин айкын болушу керекпи?- деген суроонун тегерегинде кызуу сөз болду. Айрым катышуучулар тоодо мал баккандар менен талаада кетмен чапкандарга бюджеттин айкындыгынын кереги жоктугу тууралуу да пикирлерин айтышты. Ал эми тегерек үстөлгө катышып отурган ишкер Эмил Үмөталиевдин пикиринде бул таптакыр туура эмес түшүнүк:

- Чындыгында эле демократиялык жолдогу өлкө түзүп аткан болсок, анда бул ишти аткармайынча биз эч кандай ийгиликке жетише албайбыз. Элдин бардыгы канчалык ушул процесске катышкан болсо, ошончолук жер-жерлерде экономикалык жана социалдык маселелер пайдасы менен чечилиши мүмкүн.

Ишкердин айттуусунда коомчулук керек болсо бюджетти түзүү учурунда да катышуусу зарыл:

- Башынан баштап, бюджет түзүлө баштаганда эл өз акылы, билими менен аралашып, бюджет түзгөнгө катышуусу керек. Адистер, эксперттер, мамлекеттик деңгээлде иштегендер бюджет эмне экенин, анын кандай түзүлөөрүн түшүнөт. Бирок, ошону элге деле түшүндүрүү керек. Анткени эл үчүн мүмкүн республикалык деңгээлдеги сандардын кереги жоктур, бирок жер-жерлердеги, конкреттүү турмушубузга зарыл социалдык сферанын тегерегиндеги маселелер көпчүлүк элге керек болуусу мүмкүн. Ошондуктан аларга биз бюджетти көрсөтүп, түшүндүрө билишибиз керек. Алсак айыл өкмөттөрдүн, райондун бюджети ошол аймактын тургундары үчүн зарыл нерсе.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG